Пакистандын түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясында 10-январда болгон чабуулдарда беш полиция кызматкеринин, бир карапайым тургундун өмүрү кыйылды. Бул тууралуу жергиликтүү полиция башкармалыгы билдирди. Маалыматка караганда, эки офицер Банну шаарында болгон кол салууда мүрт кеткен. Ал чабуул үчүн жоопкерчиликти “ Техрик-е Талибан Пакистан ” кыймылы өз мойнуна алды.
Үч полиция кызматкери жана карапайым тургун Кохат районундагы өткөрмө бекеттеги атышуудан набыт болгон. Ал жакка куралчан жоочулар кол салышкан. Азырынча бул чабуул үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.
9-январда аймактагы шал оорусуна каршы эмдөө жүргүзгөн жайга жасалган чабуулдан беш киши каза тапкан.
Полиомиелитке каршы эмдөө жүргүзүп жүргөн топтор бул өлкөдө кол салууларга дуушар болуп келет.
Пакистан менен Ооганстан полиомиелит оорусу жоюла элек өлкөлөр болуп саналат. Ислам жоочулары вируска каршы эмдөө жүргүзгөн дарыгерлерди өлтүрүп кеткен учурлар катталган. Экстремисттер "эмдөө жергиликтүү балдарды тукумсуз кылууну көздөгөн Батыштын планы" деген жаңылыш ойдо.
Балдардын шал оорусу, же полиомиелит - кооптуу жана өлүмгө алып келүүчү жугуштуу оору. Аны айыктыруучу дары жок болгондуктан, полиомиелитке каршы эмдөө балдарды коргоонун бирден-бир коопсуз жана натыйжалуу жолу болуп саналат.
Дагы караңыз
Президенттин басма сөз катчысы "Жапаровдун атын жамынган шылуундардан сак болууга" чакырдыТашиев депутат Жамгырчиев камалбай турганын айттыНазарбаевдин иниси мамлекетке 650 миллиард тенге кайтарды