Парламентте активист Жоробековду бошотуу маселеси көтөрүлдү

Афтандил Жоробеков.

10-январда Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы пикирин айтып чыгып, камакка алынган жарандык активист Афтандил Жоробековду үй камагына чыгаруу демилгесин көтөрдү.

Афтандил Жоробеков бийликтин Кыргызстандын туусун өзгөртүү сунушуна каршы туруу үчүн былтыр 2-декабрда автожүрүш өткөрүүгө аракет кылган. Бирок, укук коргоо органдары жүрүштү өткөрүүгө тоскоолдук жаратып, активистти суракка алышкан.

Ал ошол эле жылдын 9-декабрында Бишкектеги Горький паркында тынчтык митингин өткөрүүгө камынып жатканын да билдирген. Аны 7-декабрда күч органдары кармап, Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып таккан. Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту жарандык активистти эки айга камакка алуу токтомун чыгарган. Активист коюлган айыпты четке каккан.

Жергиликтүү укук когоочулар жана Human Rights Watch өңдүү эл аралык уюмдар Афтандил Жоробековго каршы кылмыш ишин козгоо анын сөз эркиндиги жана тынчтык чогулуштарын өткөрүү жаатындагы укуктарын одоно бузуп жатканын билдирип келет.

Кыргызстанда желек коомчулуктун катуу каршылыгына карабай өзгөртүлдү. Былтыр декабрда Жогорку Кеңеште мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүүгө байланыштуу мыйзам кабыл алынып, ага президент Садыр Жапаров 22-декабрда кол койгон. Ал 26-декабрда мамлекеттик “Эркин-Тоо” гезитине жарыялангандан кийин күчүнө кирген. (BTo)

Дагы караңыз

Түрк министри Фидан Кыргызстанда “ФЕТО” уюму боюнча маселе көтөрүлгөнүн айттыКөлбаевдин кылмыштуу кирешелерин адалдоого шек саналып дагы бир адам кармалды9-январь: Жамгырчиевди жоопко тартууга уруксат берилди. Ферганада миңдеген үй жарыксыз калды Депкомиссия Жамгырчиевди жоопко тартууга уруксат берди, эл өкүлү кайда экени белгисизИшкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салынатОоганстанда тажик тектүү согушкерлердин башчысы дайынсыз болуудаОрусияда АКШ жаранына маңзат боюнча айып тагылды