Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:58

Депкомиссия Жамгырчиевди жоопко тартууга уруксат берди, эл өкүлү кайда экени белгисиз


Эмил Жамгырчиев.
Эмил Жамгырчиев.

9-январда Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссия жабык жыйынында “Альянс” фракциясынын мүчөсү Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз бар деп тапты. Бул тууралуу парламенттеги ишенимдүү булактар “Азаттыкка” билдирди.

Эми бул маселе парламенттин жалпы жыйынында каралат.

Ушул эле күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөөчүлөрү депутатка чакыруу кагазын берүүгө аракет кылышкан. Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип, Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп, чыныкеткенин ишенимдүү булактар “Азаттыкка” кабарлады.

“Азаттыктын” кабарчыларынын депутаттын өзү жана анын жардамчылары менен байланышуу аракетинен майнап чыккан жок.

УКМК азырынча бул тууралуу маалымат бере элек.

41 жаштагы депутат буга чейин өзүнө тагылган кинени четке кагып, муну "саясий куугунтук" катары баалай турганын билдирген.

9-январда түшкө маал Жамгырчиев “Азаттыктын” кабарчыларына маалымат жыйын өткөрөрүн билдирген эле. Бирок ал белгисиз себептерден улам өтпөй калган.

Былтыр 27-декабрда башкы прокурор Курманкул Зулушев депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сураган. Парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев эл өкүлүнө Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айып тагылганын билдирген. Аны жоопкерчиликке тартууга уруксат берүү же баш тартуу жана козголгон кылмыш ишин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.

Конституциянын 78-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты ишмердигине байланыштуу айткан ой-пикири же берген добушу үчүн куугунтукка алынбайт. Эл өкүлү кылмыш жасап жаткан жеринен кармалган учурду кошпогондо парламент мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана жоопко тартылат.

XS
SM
MD
LG