Түрк министри Фидан Кыргызстанда “ФЕТО” уюму боюнча маселе көтөрүлгөнүн айтты

Хакан Фидан.

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Кыргызстандын тышкы саясат мекемесинин жетекчиси Жээнбек Кулубаев менен жолугушууда “ФЕТО” (түрк бийлиги Гүлендин кыймылын ушинтип атайт-ред.) уюму боюнча маселе көтөрдү. Бул тууралуу Түркиянын Anadolu мамлекеттик агенттиги жазды.

Сайтка чыккан маалыматка караганда, Хакан Фидан кыргызстандык кесиптеши менен сүйлөшүүдө “негизги темалардын бири “ФЕТО” уюмуна каршы күрөш жана бул уюмга тиешелүү мектептерди жабуу” тууралуу болгонун айткан.

Хакан Фидан 8-9-январда Кыргызстанга жасаган расмий иш-сапарында президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушкан.

Кыргызстандын расмий органдары “ФЕТО” тууралуу сөз болгону боюнча маалымат берген жок.

Расмий Анкара 2016-жылы Түркияда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети боюнча диниятчы Фетхуллах Гүленди жана анын “Хизмет” кыймылын айыптап келет. Түркия кыймылды “ФЕТО” же “Фетхуллахчы террорчул уюм” деп атап, анын миңдеген тарапкерлерин кармаган. “Гүлен кыймылы” түрк бийлигинин айыптоосун четке каккан.

Акыркы сегиз жылдан бери Анкара Бишкекке кайрылып, бул кыймылга тиешеси бар окуу жайларды, анын ичинде мурдагы “Себат”, азыркы “Сапат” лицейлерин жабууну талап кылып келет. (BTo)

Дагы караңыз

Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин адалдоого шек саналып дагы бир адам кармалды9-январь: Жамгырчиевди жоопко тартууга уруксат берилди. Ферганада миңдеген үй жарыксыз калды Депкомиссия Жамгырчиевди жоопко тартууга уруксат берди, эл өкүлү кайда экени белгисизИшкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салынатОоганстанда тажик тектүү согушкерлердин башчысы дайынсыз болуудаОрусияда АКШ жаранына маңзат боюнча айып тагылдыӨзбекстандын Фергана облусунда беш миңдей абонент электр жарыгысыз калды