Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) кылмыштуу кирешелерин адалдоого көмөк көрсөткөн деген шек менен дагы бир адам (В.Р.Г.) кармалганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, шектүү 2016-жылдан бери кылмыш жолу менен табылган каражатты мыйзамдуу деп көрсөтүү менен алектенип, Камчы Көлбаевдин “Березка” мончо комплексин, “Барс”, “Каганат Резорт” эс алуу борборлорун, Чолпон-Ата шаарындагы “Ордо” соода комплексин жана “Сейил” шаарчасындагы коттедждерди курууга катышкан.
Ал 8-январда кармалып УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайында камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)” беренеси менен айып тагылууда.
Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.
Бул окуядан кийин Кыргызстанда Камчы Көлбаевдин кылмыштуу жол менен табылган каражатын адалдоого шек саналып чоң-чоң курулуш компанияларынын жетекчилери да кармалган. Алардын көбү ар кандай жагдайда үй камагына чыгышты. (BTo)
Дагы караңыз
9-январь: Жамгырчиевди жоопко тартууга уруксат берилди. Ферганада миңдеген үй жарыксыз калды Депкомиссия Жамгырчиевди жоопко тартууга уруксат берди, эл өкүлү кайда экени белгисизИшкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салынатОоганстанда тажик тектүү согушкерлердин башчысы дайынсыз болуудаОрусияда АКШ жаранына маңзат боюнча айып тагылдыӨзбекстандын Фергана облусунда беш миңдей абонент электр жарыгысыз калды