Тажикстанда террорчулук үчүн издөө жарыяланган жаран, бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган «Ансаруллох» тобунун командирлеринин бири Мухаммад Шарифов (Махди Арсалон) Ооганстанда дайынсыз болуп жатканын бүгүн 9-январда «Озоди» радиосу билдирди. Жакындарынын айтымында, соңку айлары андан кабар жок болууда.
Тажикстандын Нуробод районунун 30 жаштагы тургуну Шарифов бир топ жыл мурда «Талибан» кыймылына кошулган. Ооганстанда бийликти кармап турган талибдер 2021-жылы ага Тажикстан менен чектеш райондорду көзөмөлдөө укугун беришкен.
Мекенинде ал 2015-жылдан бери террорчул топтун мүчөсү катары издөөдө.
Ооганстандагы «Ансаруллохтун» мүчөлөрүнүн биринин айтымында, Шарифов тогуз ай мурда Кабулга кеткен бойдон дайынсыз.
«Озоди» радиосу менен телефон аркылуу байланышка чыккан тааныштарынын биринин айтымында, аны маңзат соодасы менен алектенген топ кармап кеткен болушу ыктымал.
Тажикстандын күч органдарындагы булактар Шарифов Ооганстанда түрмөгө камакка алынганын же жок кылынганын билдиришти.
2021-жылы Ооганстанда бийликти кайра өз колуна алган «Талибан» тобу бул өлкөнүн аймагында «Ансаруллохтун» мүчөлөрү бар экенин расмий түрдө тастыктабай келет. Бул топ «Талибан» менен биргеликте Ооганстандын буга чейинки өкмөттүк күчтөрүнө каршы күрөшүп келген. 2021-жылы бийлик «Талибанга» тийгенден кийин анын мүчөлөрүнө чек араны көзөмөлдөөчү айрым кызматтар тийген.
Тажик бийлиги Ооганстанда чек арада Тажикстандан чыккан согушкерлер топтолуп жатканына тынчсыздануусун билдирген. Кийин расмий Душанбе менен мамилесин бузбоо үчүн «Талибан» ал согушкерлерин Тажикстан менен чектеш жеринен алып кеткени кабарланган.
«Ансаруллохту» 1990-жылдардын башында Тажикстанда өкмөткө каршы бириккен тажик оппозициясынын катарында согушкан мурдагы тажик жараны Амриддин Табаров негиздеген. Ал жарандык согуштан кийин өкмөт менен түзүлгөн тынчтык келишимин тааныбай турганын билдирип, Ооганстанга өтүп кеткен, сегиз жыл мурда каза болгон.
Тажикстан бийлиги Ооганстанда бул топтун курамында 200-300 адам бар экенин, көбү тажик жарандары экенин маалымдаган. (RK)
Дагы караңыз
Газадагы согуш 79 журналисттин өмүрүн алды 9-январь: Жамгырчиевди жоопко тартууга уруксат берилди. Ферганада миңдеген үй жарыксыз калды Абактагы өлүм, жабык жайлардагы коопсуздукДепкомиссия Жамгырчиевди жоопко тартууга уруксат берди, эл өкүлү кайда экени белгисиз