Орусияда АКШ жаранына маңзат боюнча айып тагылды

Russia American Arrested

Орусияда бүгүн 9-январда Москвадагы райондук сот АКШнын жараны, Орусияда төрөлгөн Роберт Вудлэндди эки айга камакка алды. Ага маңзатты мыйзамсыз сактап жүргөн деген айып тагылганы, соттолсо 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал экени кабарланууда.

32 жаштагы Вудлэнд Москванын чет жакасындагы Долгопрудный шаарында англис тили мугалими болуп иштеп жүргөн. Ал Орусияда төрөлгөн, аты-жөнү Роман Романов болчу, 1993-жылы америкалык окумуштуулар үй-бүлөсү асырап алган. Аны асыроого бериш үчүн Балдар үйүнүн жетекчилиги 10 миң доллар пара сураганын "Комсомольская правда" басылмасы жазып чыккан.

2019-жылы Вудлэнд өз апасын тапканын «Первый канал» көрсөткөн. Кийин ал Орусияга көчүп барган. Орусиялык паспорту барбы же жокпу, маалымат айтыла элек.

АКШ Орусияга барбоону, ал жакта жүргөн болсо кайра кайтууну, негизсиз кармоого, мыйзамсыз мамилеге туш болушу ыктымал экенин өз жарандарына бир нече жолу эскерткен.

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары Москва Вашингтон менен камакта жаткан жарандарды алмашууну пландап жатканын, ошондуктан көбүрөөк адам топтоого кызыкдар экенин белгилеп жатышат.

Орус түрмөсүндө азыркы тапта “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы, Орусиянын да, АКШнын да жарандыгы бар Алсу Курмашева да камакта отурат. (RK)

Дагы караңыз

Депкомиссия Жамгырчиевди жоопко тартууга уруксат берди, эл өкүлү кайда экени белгисизГазадагы согуш 79 журналисттин өмүрүн алды Газада согушта ондогон журналист каза тапты Өзбекстандын Фергана облусунда беш миңдей абонент электр жарыгысыз калды