Бул тууралуу автор соцтармакка жазып чыгып, автордук укук үчүн күрөшкөн мекеменин өзү ушундай алешемдикке жол бергени сынга кабылды.
2023-жылдын соңунда эле "Алтын калем" сыйлыгына байланыштуу чыр чыгып, коомчулукта плагиат катуу талкууланган. Кыргызстанда автордук укук кандай корголот? Аны бузгандарга эмне чара көрүлөт?
28 жаштагы жаш акын Бүкалча Маматали кызы өзүнүн 8 ыры башка бир окуучу кыз тарабынан көчүрүлүп, Кыргызпатент мамлекеттик мекемеси чыгарган “Саамалык-17” альманахына жарыяланып калганын Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
"Мен кечирем, бирок ырларчы?"
Акын кыздын айтымында, көчүрүлдү делген ырлары 2018-жылы жарык көргөн “Оттуу ирмемдер” китебине басылып чыккан.
“Ырларымды көчүрүп алган бул окуучу кыз да Ноокат районунан болот экен. Бул кыз жогорудагы китепке жалпы он ыр сунуштаган. Анын сегизи менин калемиме таандык ырлар экен. Анан бул ырлардын темасы дагы, ички мазмуну дагы өзгөртүлбөстөн, бүкүлү бойдон эле көчүрүлгөн экен. “Ырдап барам”, “Сонун”, “Жигиттер”, “Эки бирдей жылуулук”, “Жаз”, “Балалыкка”, “Сүрөтчү кыш”, “Ыр канат” аталышындагы менин ырларым бул кыздын атынан “Саамалык-17” альманахына басылып чыккан. Автор болуп алган кыздын өзүнөн сурасам, “жок, мен жазганмын” деп такыр мойнуна алган жок. Мен башкача абалда калдым, ушундай да болобу деп. Эми 9-класс деген оң-солду таанып калган эле кез да. Ата-энеси кийин байланышып, кечирим сурашты. Мен ал кызды сөзсүз кечирем. А бирок ырларчы? Мен ага бүгүн адамкерчилик кылып кечирип койгонум менен, эртең бул плагиат чоң көйгөйгө айланышы мүмкүн. Менин тынчсызданганым ошол. Мен сыяктуу коомчулукка белгилүү боло элек, бирок китептери чыккан, Жазуучулар союзуна мүчө болгон калемдештерим бар. Анан алардын ырын да башкалар уурдай берет да. Кыргызпатент өзү автордук укуктарды коргой турган уюм болгондуктан, мен бул мекемеге автордук укугумду коргоп бергиле деп кайрылдым”.
Бүкалча Маматали кызынын 2014-жылы “Ыр канат”, 2018-жылы “Оттуу ирмемдер” аталышындагы китептери жарык көргөн. “Оттуу ирмемдерге” сүйүү, табият, мезгил темасындагы 60ка чукул ырлары кирип, жыйнактын бет ачарын 2018-жылы 4-курсунда өзү окуган ОшМуда өткөргөн.
Жаш акын 2019-жылдан бери Улуттук жазуучулар союзуна мүчө. Учурда Ош шаардык мэриясынын “Ош шамы” гезитинде кабарчы болуп эмгектенет.
Ал эми плагиат бар делген “Саамалык-17” аталышындагы жаш авторлордун альманахы 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновацияларды мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) тарабынан чыгарылган.
300 нускада чыккан эмгекке өлкөдөгү жаш авторлордун ырлары камтылган. Альманахка Бүкалчанын бир тууган сиңдиси Маматали кызы Таңчолпондун да ырлары киргендиктен, китеп үйүнө келген учурда 8 ыры башка автор тарабынан көчүрүп алынганын көргөн.
Кыргызпатенттин кызматкерлеринин бири автор менен байланышып, "Саамалык-17" жокко чыгып, уурдалган ырлар алынып, кайрадан басыларын убада кылган.
Бүкалча мындай чекиликке ырларды борборго жиберген окуучунун мугалимдери, Ноокат райондук балдар чыгармачылык борборунун жетекчилиги жана ыр китепке комиссия болгон адамдар да жооптуу деп эсептейт.
Бүкалча Маматали кызы ырларынын уурдалышы боюнча Фейсбуктагы баракчасына кайрылуу жазып чыккандан кийин адабият чөйрөсүндөгү калемдештери, окурман журту бул жорукту кызуу талкуулап жатышат. Кээ бирлер ырды көчүрүп алган окуучу кыздын жаштыгын эске алып, аны кечирип коюуну сунуш кылса, дагы бирөөлөр бул жыйнакты жокко чыгартуу керек дешүүдө. Айрымдар автордук укукту коргоп берген мекеменин өзүнөн автордук укуктун бузулуп жатканын айыпташууда.
"Укук бузбадым деген тил кат алынган"
Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаеванын айтымында, учурда бул маселе боюнча эки тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат:
“Саамалык" жаш авторлорду колдоо багытында 17 жылдан бери чыгып келе жатат. Биздин кыргыз окурмандары Алыкул Осмонов, Байдылда Сарногоев баш болгон акындардын ырларын жатка билишет эмеспи. Мына ошондуктан биз жаңы чыгып келе жаткан таланттуу авторлордун ырларын чыгарып берүүнү да максат кылабыз. Бирок биз ошол учурда авторлордон “бул өзүмдүн чыгармам, башка бирөөнүн автордук укугун бузган жокмун” деген тил кат алып, анан китепке чыгарабыз. Ал үчүн бизде атайын чыгармачыл чөйрөдөн түзүлгөн комиссия бар. Авторлордун эмгеги алардын элегинен өткөндөн кийин гана Кыргызпатент китеп кылып басууга макулдук берет. Жогорудагы Бүкалча Маматали кызынын айланасында жаралган маселе боюнча учурда сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Эми автор менен анын укугун бузгандар өз ара кандай чечимге келишет, мындан ары укуктук талаада сүйлөшөбү же бир пикирге келишеби, ошого карап анан биз кабыл алган чечим тууралуу сөзсүз сиздерге кабар беребиз. Азырынча автордон “Саамалык-17ни” жокко чыгаргыла деген расмий түрдө кат түшө элек. Бизде ар бир маселеге ыкчам аракеттер болот, бул ишти да жакшы нукта чечебиз деген үмүттөмүн”.
Керимбаева Кыргызпатент мамлекеттик мекемеси дегеле өлкөдө автордук укукту кандай коргоп берерин түшүндүрдү:
“Бизде автордук күбөлүктү алуу ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. Сөзсүз түрдө келип автордук чыгарманы каттатуу милдет эмес. А эгерде кимдир бирөө автордук күбөлүктү бизден алган болсо, ушул эле маалда дагы башка бир тарап анын автордук укугун бузуп жаткан болсо, биз укуктук талаада укук ээсин коргоп бере алабыз. Мындайча айтканда, күбө болуп беребиз. Соттук, укуктук таризде Кыргызпатент мамлекеттик орган катары катталган күбөлүктүн негизинде баланча ушул чыгарманын автору деп далилдеп берет”.
Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, 2014-жылга чейин автордук укукту бузуп, чыгарма уурдагандар эки миң сомдун тегерегинде айып төлөөгө милдеттендирилсе, 2014-жылы автордук укукту коргоо максатында мыйзамга өзгөртүү киргизилип, айыппулдун көлөмү 10 эсеге көбөйтүлгөн.
Кыргызпатент учурда автордук укукту бузуу ири зыян келтирбесе (50 000 сомдон ашпаса) же өзгөчө ири зыян (100 000 сомдон ашпаса), анда КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУК БУЗУУЛАР ЖӨНҮНДӨ КОДЕКСИнин негизинде жеке жактарга 5500 сом, юридикалык жактарга 17000 өлчөмүндө айып пул салынарын билдирди.
Бирок эгерде укук бузуу ири зыян келтирсе (50 000 сомдон ашса) же өзгөчө ири зыян (100 000 сомдон ашса), анда КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КЫЛМЫШ-ЖАЗА КОДЕКСИнин негизинде 20 000 сомдон 50000 сомго чейин айып салынат.
"Плагиат күч алды"
Кыргызпатент 2023-жылы чыгарган альманахты түзүүдө коомчулукка белгилүү алты калемгер калыстык кылышкан. Алардын бири акын, журналист Өмүрбек Тиллебаев. Ал "Саамалык-17" ыр жыйнагынын баш сөзүн да жазып берген. Тиллебаев комиссия мүчөлөрү сынакка келген ырлардын ички мазмунуна гана жооптуу болгонун айтууда:
“Бизге Кыргызпатент чогултуп берген ырлардын көркөмдүүлүгүн, мазмунун, техникалык жагын гана карап баа берүү милдети жүктөлгөн. Ырдын уурдалып-уурдалбаганын териштирип отурбайбыз. Кыргызпатенттин жобосу боюнча авторлор “эгерде үчүнчү жактын дооматы болсо жоопкерчилик тартам” деген мазмундагы өтүнмөнү да толтуруптур. Жогорудагы ырды көчүргөн кыздын өзү жана мугалимдери да кол коюп беришкен экен. Бул жерде күнөө ошолордо. Комиссиянын биринчи отурумунда мен: “Бул жерде пенсионерлер да жүрөт, мектеп окуучулары да жүрөт. Жаш курактарына чектөө киргизип, аты-жөнү элге билинип калган, чыгармачылыкка жоопкерчиликтүү мамиле жасаган авторлорду тандайлы”, - деп сунуш кылгам. Бирок бул сунушум колдоо тапкан эмес. Натыйжада ушундай окуя келип чыкты. Эми келечекте ушул жагын эске алуу керек. Ырас, соңку кезде плагиат күч алды. Ошондуктан мындай жорук менен мыйзамдагы жазылган эрежелер аркылуу биргеликте күрөшүүбүз керек деп ойлойм”.
"Авторду сыйлоо маданиятын үйрөнсөк"
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Жыпар Исабаева биздин коомчулук чыгармалар адамдын интеллектуалдык менчиги экенин түшүнө элек деген ойдо:
"Ошондуктан бирөөнүн чыгармасын ээлеп алуу бизде көп болот. Бир ирет окурмандарымдын бири менин бир обондуу ырым жергиликтүү телеканалдардын биринде башка автордун аты менен чыгып жатканын айтып калды. Анан ырды ырдаган ырчыга, каналдын жетекчисине чалдым. Жетекчи камырабай: “Эмне болмок эле эми, анда ырыңызды алып салайын”, - дейт. Дагы бир жолу “Эне тилеги” деген ырымды бир аксакал киши өзүнүн атынан сайтка жарыялап жатканын уктум. Ал кишиге окурмандар ырдын автору мен экенимди айтышса, аларды урушуп коюптур. Мен ал кишини таап, сылык-сыпаа кайрылсам: “Эми жакшы чыгарма элдики да, ага эмне ичиң тарып жатат”, - десе болобу. Бир күнү да ютуб каналымдан бир кыз мени урушуп пикир жазыптыр. “Сиз деле ыр уурдайт турбайсызбы, сиз окуган баланча ыр менин жигитимдики деп”. Көрсө анын сүйлөшкөн баласы менин бир ырыма өзүнүн аты-жөнүн автор катары жазып жиберип койгон экен. Ушундай окуялар көп эле болду. Бул ар бир эле автордун башындагы көйгөй. Кыргызпатент өлкө эгемендик алгандан бери авторлордун укугун коргоо боюнча жакшы эле аракет кылып жатат. Бирок ал мекеме плагиатка жалгыз күрөшүп жетише албайт. Ошондуктан алгач авторлор өзүбүз да күрөшүүбүз керек. А биз “ушуга убактымды коротпой эле коёюнчу” деп көп учурда “кыргызчылык” кылып коёбуз. Негизи материалдык байлыкты уурдагандарга кандай айып тагылса, чыгармаларды уурдагандар деле ошондой жаза тартышы керек эле”.
Акын Улукбек Омокеев коомчулукту плагиатка бирге каршы турууга үндөп, авторду атоо чоң маданиятка айланышы керек деген пикирин билдирди:
“Негизи чыгармачыл адамдын эң чоң байлыгы - бул анын минип жүргөн машинеси же жашап жаткан үйү эмес, анын жараткан чыгармасы. Илимпоздуку - ойлоп табуулары байлыгы болсо, акындын ыры, обончунун обону - байлыгы да. Бул байлык материалдык байлыктан да жогору болгондуктан, аны коргош керек. Бул иште бир эле автор өзү эмес, бүтүндөй коомчулук жана мамлекет жардам бериши керек. Менин билишимче, Европада, Жапонияда автордук укукка астейдил мамиле жасалат жана плагиаттын жоопкерчилиги катуу. Бирөөнүн чыгармасын уурдап алуу өтө осол иш болгондуктан, биз коомчулукка мындай иштерди жарыялап турушубуз керек. Азыр керек болсо журналисттердин жазган текстин деле башка бирөөлөр уурдап алып жарыялап жатышат. Биз авторду сыйлоо маданиятын үйрөнсөк жакшы болот эле. Мисалы, социалдык тармактарга башка бирөөнүн котормолорун, ой-пикирин жазсак да, анын авторунун ысымын көрсөтүшүбүз керек”.
Буга чейин Улуттук адабият күнүндө Жазуучулар союзу “Алтын калем” сыйлыгын жеңген жети калемгердин ысымын жарыялаганда да социалдык тармактарда кызуу талкуу жүргөн. Айрым калемгерлер “Алтын калемди” жеңген акын Молдоакмат Бапаковду плагиаттыкка айыптап, казак акыны Мухтар Шахановдун ырына автор болуп алганын жазып чыгышкан. Ал эми Бапаков өзү бул айыптоолорду четке каккан.
Кыргызпатент берген маалыматка караганда, 2023-жылы мекемеге интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү мыйзам бузуулар боюнча 30 арыз келип түшкөн. Кароонун жыйынтыгы менен жалпы суммасы 106 миң 500 сомдук айып салуу түрүндөгү 11 токтом кабыл алынган. 9 арыз жана кайрылуу каралууда. 4 арыз каршы арыздар жана өз ыктыяры менен жоюлгандыктан токтотулган. 12 арыз жана кайрылуу бузуу фактылары аныкталбагандыктан токтотулган.
Ал эми Кытай Эл Республикасынын жарандарына карата интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзам бузуулар боюнча 3 материал Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлгөн.