Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:59

Бүгүн Бишкекте автордук укуктун сакталышы талкууга алынат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинде өтө турган тегерек үстөлдө Кыргызпатент мекемеси телерадиокомпаниялардын жана театралдык мекемелердин автордук укукту сакташы тууралуу сөз кылат. Мындан тышкары, Кыргызстанда автордук укукту коргоодогу түрдүү алешемдиктер ортого салынып, талкууга алынат.

Кыргызстандагы бир катар чыгармачыл бирикмелер, искусство адамдары өлкөдө автордук укук корголбой келе жатканына нааразы болуп келатышат.

Учурда Кыргызпатентте үч миңден ашык автор, 18 миң музыкалык чыгарма расмий түрдө катталган. Кыргызстанда телерадиолордон уктурулган чыгармаларды компьютердик программанын негизинде так эсептеп, авторлорун аныктоочу долбоордун ээси "Тынчтыкты мониторингдөө сервисинде" эгемендик жылдарынан бери чогулган миңге чукул музыкалык чыгарма бар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG