Олжобай Шакирдин сөздөрүнө экспертиза жасаган адис сотто көрсөтмө берди

Жазуучу жана публицист Олжобай Шакирдин (Олжобай Эгембердиев) сотунда анын социалдык түйүндөргө жазган билдирүүлөрүнө экспертиза жасаган адис көрсөтмө берди. Отурум 9-январда Аламүдүн райондук сотунда өттү.

Эксперт Олжобай Шакирдин тексттеринде "бузукулук кылайын", "тизгинин кагуу керек", "камалгандан коркпо" өңдүү сөздөрүнө экспертиза жасалып, бийликке каршы сын-пикири бар экени аныкталганын айтты. Ошондой эле ал лингвистикалык гана корутунду бергенин, юридикалык жагына жооп бере албастыгын кошумчалады.

Олжобай Шакир "тизгинин какты" деген кыргызда ар кандай мааниде айтыларын түшүндүрүп, "бузукулук кылуу", "камалгандан коркпо" деген сөздөр кылмыш эместигин белгиледи.

Ал былтыр 23-августта кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен иш козгогон. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында отурат.

6-декабрда айыбы угузулуп, прокурор Шакирди интернетте адамдарды "жапырт башаламандыкка чакырган постторду бай-байма жарыялап келгенин, "булардын тизгинин кагыш керек" деген сөзү азыркы бийликтин кадыр-баркына шек келтирген, коомдук коопсуздукка карата оор кылмыш жасаган" деп билдирген.

Олжобай Шакир коюлган айыпка макул эместигин айткан. Буга чейин ал үч жолу сот отурумуна алып келинбей, жараян жылдырылган. Кийинки отурум 19-январга белгиленди.

Жазуучу камалганга чейин президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди дебатка чакырган. 31-августта онлайн митинг өткөрүү тууралуу демилге көтөргөн. Ал онлайн-митинг калайман башаламандык уюштурууну билдирбесин белгилеген.

Олжобай Шакир 2017-жылы “РухЭш” коомдук агартуу багытындагы сайтты негиздеп, иштетип келген. (TSh\SE)

Дагы караңыз

Кыргызстан автоунаа соодасын өнүктүрө алабы?Түштүк Кореяда итти эт үчүн багууга тыюу салган мыйзам колдоо таптыАта-бабалар жалпы түрк ынтымагы демилгесин колдошконУкраина фронтто 67 жерде кагылышуу болгонун билдирди