Касмамбетов: Тууну илүүдө ката кеткенин моюнга алам

“Ала-Тоо” аянтында мамлекеттик тууну көтөрүү иш-чарасы. 8-январь, 2024-жыл

8-январда БишкектинАла-Тооаянтында Жогорку Кеңеш бекиткен варианттагы мамлекеттик тууну көтөрүү иш-чарасы өттү. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, депутаттар жана өкмөт мүчөлөрү катышты. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов 1-январда флагштокко туу шашылыш илингенин, ката кеткенин айтты.

- 8-январда Бишкектин “Ала-Тоо” аянтына мамлекеттик символдордун бири болгон тууну көтөрүү аземи өттү. Ага мамлекеттик жогорку кызмат адамдары менен катары сиз да катыштыңыз. Кепти ушундан баштасак?

- Ооба, тилекке каршы, 1-январда желек (“Ала-Тоо” аянтына-ред.) илинип, ал боюнча коомчулугубузда ар кандай ызы-чуу болуп калбадыбы. Бул катаны да моюнга алам. Алешемдик болду. Шашып кетишти. 1-январдан баштап жаңы туу илинип калсын деген изги тилек менен ошондой шашмалык болуп калды деп ойлойм. Бирок, мамлекеттик кызматкерлер үчүн мындай одоно ката кетирүү туура эмес болот деп эсептейм, ошол үчүн ошол катаны мойнума алам. Баса белгилегим келет: эми өзгөртүлгөн, толукталган туунун алдында мындан ары ишти алып кетели. Коомчулук эми мындан ары туура түшүнүп, өзгөртүлгөн, толукталган, бир аз сүртүмдөр киргизилген туубуздун алдында биригип, ишти чогуу алып баралы. Бүгүн жаңы 2024-жылдын биринчи жумуш күнү, биз тууну ушул күнү көтөрүүнү туура көрдүк.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов.

- “Ала-Тоо” аянтында тууну көтөрүү иш-чарасына президент Садыр Жапаров эмне себептен катышкан жок?

- Ооба, бул суроону сиздин кесиптештириңиз да берди. Кубат, менин оюм мындай. Туунун өзөгү сакталды, өңү сакталды. Күндүн нуру, түндүк – баары эле сакталды. Туу толугу менен өзгөргөн жок, эгер ал толук өзгөргөндө бардык аймактарда, борбордо ага жараша иш-чаралар өтүп, мамлекет башчысы ошондой туунун салтанаттуу ачылышына катышмак. Бул жерде болсо туу сүртүмдөр, кошумчалар, толуктоолор менен гана алынды. Бул - биринчиден. Экинчиден, Жогорку Кеңештин депутаттары жана 80 пайыз добуш менен шайланган президент өз позицияларын билдирди. Мамлекет башчысы Элдик курултайда “тууга өзгөртүү киргизүүнү мен демилгеледим эле” деп оюн ачык эле айтты. Ошол себептен өзгөртүлгөн, толукталып кабыл алынган туунун варианты бүгүн “Ала-Тоо” аянтында көтөрүлдү. Ал эми башка региондордо эмне болот деп эгер сурасаңыз, ошол эле Элдик курултайда, Жогорку Кеңештеги талкуулар маалында айтылгандай, өзүнүн ирети менен акырындап алмаштырылат. Азыркы учурда колдонулуп жаткан туунун сүрөтү бар паспорттор, автомашиналардын номурлары жана башка маанилүү документтер ушул калыбында колдонула берет. Качан гана алар мөөнөтү өткөндө, жаңыртылганда гана жаңы туунун элеси, сүрөтү басылат. “Баарыңар жаңы тууну колдонгула” деп милдеттүү бир да тапшырма берилген жок, берилбейт дагы. Эгер туунун концепциясы, өңү толук өзгөртүлгөндө анда президент бүгүнкү иш-чарага катышмак. Ошол себептен ал катышкан жок. Мамлекеттин жетекчиси да, Жогорку Кеңештин депутаттары да туунун ушул вариантын колдошту. Албетте, талкуу маалында анын өзгөртүлгөн үлгүсүн колдогондор да, ага каршы да пикирин жазгандар жана айткандар көп болду. Каршы пикир жазгандарды мен түшүнөм, себеби, 30, 40, 50 жаштагы жарандар ушул туу менен боор эттери бир болуп чоңоюп, өмүрү өттү. Аларга тууга өзгөртүү кирип жатканы эмоциялык толкундоолорду алып келди. Мен үчүн тууга өзгөртүү, толуктоо кирип жатканы жаңы жышаан, жаңы жөрөлгө сыяктанып, кандайдыр бир максат менен, кандайдыр бир тилек менен ушул демилге жаралды деп ойлойм. Эл дагы өзгөртүлгөн, жаңыдан толукталган туу менен талкууну токтотуп, ишибизди мындан ары улантсак.

- Сиз өзүңүз “ката кетти” деп белгиледиңиз. Андан улам ички териштирүүлөр жүрүп жатса керек. 1-январда илинген туу парламент кабыл алганга коошпой калды. Анан нурлардын саны боюнча да талкуу жүрдү. Мындан улам айрым пикирин айткандарды күч органдары чакырып, суракка алынды. Ушунун баары керек беле? Бийлик, тескерисинче, коомду консолидиция жасаш керекпи деген ойлор айтылууда.

- Сиздин сурооңузга толук жооп берүүгө мамлекеттик катчы жөнүндө жобонун айрым нормалары жол бербейт, бирок, айтып өтөйүн. Жанагы туудагы күн нурларынын саны боюнча кичине майдаланып кеттик окшойт. Мен жогоруда айтпадымбы: ушундай ката кетти, ал боюнча эми тиешелүү мамлекеттик органдар териштирүү иштерин жүргүзөт. Ал иштер жүрүп жатканда мен “силер күнөөлүүсүңөр” деген ызы-чуудан алыстагым келди да, коомчулукка “ушундай ката кетти, мойнубузга алабыз, алешемдик болуп, шашылыш болуп калды” деп айттым. Чындыгында эле ошондой болуп калды, буга өзгөчө маани бериш керек эле да. Туу боюнча мамлекеттик органдар мыйзамдын алкагында ошол жумуштарын жасай беришсин. Бирок мындай болот же тигиндей болот деп кесе айтканга укугум жок.

Кыргызстандын мамлекеттик туусун көтөрүү салтанаты. Бишкек, 8-январь, 2024-жыл

- Негизи туудан улам бийликтин ичинде иш ырааты, ынтымак тууралуу ар кандай пикир айтып жатышат. Анткени дал ушундай шашылыш чечимдер башка тармакка да тиешелүү эмеспи деген суроо жаралат. Сиз 7-кабатта отурасыз го, ич ара ынтымак, ырашкерлик боюнча эмне айтасыз?

- Ооба, Кубат мырза, өзүңүз айткандай, мен түз эле айтайын, 7-кабатта күнүгө чогулуш, ал азыр башка форматта, кыска жана нуска тартипте өтүп калган. Бийликте азыр жетекчилер менен кер-мур айтышкан, тетири саясий бир башка позицияда тургандар, көрүнүштөр жок. Ар ким өз иши менен... Ката кетиргендер жазаланып, жарлык менен иштен бошоп жатышат. Бул жерде президентте да, Министрлер кабинетинде да, Жогорку Кеңеште да жыра талашкан көрүнүштөр жок. Эч кандай тынчсызданууга негиз жок, ынтымакта эле иштеп жатабыз. Мамлекеттик борбордук органдарда элди бөлүп-жара турган көрүнүштөр таптакыр жок.

- Тууга байланыштуу коомчулукта ар кыл пикирлер, көз караштар айтылып жатат. Коомдогу пикирлерди эске алуу менен биримдикке аракет жасалабы? Мамлекеттик катчы катары элге-журтка кандай ой-пикир, месседж айтат элеңиз?

- Кыргыздар башынан эле уюткулуу, уңгулуу, көчмөн элбиз. Башынан эле бийлик наркы, эл баркы сакталып келген. Азчылыктын оюн сыйлап, көпчүлүктүн ою менен иш алып барган эл болгонбуз. Эми мындан ары өзгөртүлүп, толукталган жаңы туубуздун алдында биригип, бул маселени ашыкча күчөтө бергенден кетенчиктеп, бир ынтымакка келип, ишти уланта берели. Жаңыланып жатсак, өлкөнүн президенти иш тез бүтсүн деп бир барган жерине кайра-кайра барып жатса... Баткенге каттап, жаңы салынып жаткан объектилерди, жолдорду кыдырып жатканын ЖМКдан баарыбыз эле көрүп жатабыз. Иштеп жаткан кишиде ката кетиши мүмкүн. Тилекке каршы, мамлекеттик катчы бардык иштерге кийлигише албайт, анын бир жардамчысы, бир гана кеңешчиси бар. Мени эртеден кечке чейин эле сүйлөй берет деп сындагандар да жок эмес. Мен нарк-насил боюнча - улутубуз кандай эл болгон, багытыбыз кандай, кайсы баалуулуктарды көтөрүп чыгабыз, ааламдашкан, санариптешкен заманда эмнебиз менен айырмаланып, эмнебиз менен күчтүү болуп калабыз – мына ушуларга баш оорутам, ошолорду айтам, дейм. Азыркы технологиялар өнүккөн маалда улут катары өзүнүн нарк-насили менен гана өзгөчөлөнүп, сакталып калабыз. Мына азыркы заманда деле королдорду, монарх, ханзаадаларды эл салыгын төлөп, нарктуулуктун, насилдин салты, күзгүсү катары сактап отурашпайбы. Биз акыркы 30 жылда бир топ нерсени жоготтук. Мамлекеттик катчынын багытында быйыл эмнеге жетиштик? Быйыл нарк боюнча жарлык чыгардык. Кыргыз наркын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны кабыл алдык. Жаңы идеологиялык багытыбызды аныктоо боюнча жумушчу топ түзүлдү, буюрса, 2040-жылга чейинки багытыбыз боюнча документ кабыл алынмакчы. Мектептерге нарк сааттары кирди, ал жаатта адистер пайда болду.

- Маегиңизге рахмат.