Украина: Орусия үч ​​ракета жана 28 дрон менен чабуул койду

Украинанын өрт өчүрүүчүлөрү Днепр шаарында Орусиянын дрону тийген үйдө чыккан өрттү өчүрүүдө. 6-январь, 2024-жыл.

7-январга караган түнү орус күчтөрү Украинага үч С-300 ракетасы, «Шахед» дрондору менен чабуул койду. Украинанын Куралдуу күчтөрү 28 дрондун 21ин абадан коргонуу системасы атып түшүргөнүн билдирди.

Днепр шаарында 12 киши жараат алды. Жекшембиге караган түнкү чабуул масштабы жагынан буга чейинкилерге салыштырмалуу чакан болгону менен Орусия Украинанын жарандык жайларын бутага алып жатканынын дагы бир далили экенин көрсөттү.

Украин аба күчтөрүнүн басма сөз катчысы Юрий Игнат жергиликтүү телеканалга «каршылаштар майданга чукул Херсон дана Днепропетровск облустарына чабуул койгонун» айтты.

Орусия бул чабуулдар тууралуу комментарий берген жок.

Соңку эки аптада Орусия Украинанын аймактарын 300гө чукул ракета жана 200дөн ашуун учкучсуз аппарат менен аткылап, карапайым элдин жүрөгүнүн үшүн алууга аракеттенди.

29-декабрда украин шаараларына 120дан ашуун ракета атылып, кеминде 44 кишинин өмүрү кыйылды, алардын отузу баш калаада набыт болду.

2022-жылы февралда Орусия Украинага ар тарабынан басып киргенден бери Украинанын абадан коргонуу системасы кыйла күчтөндү. Орус күчтөрү учурган дрон, ракеталарды байкоо системасы жакшырды.

Өткөн аптада АКШнын расмийлери Орусия Түндүк Кореядан алган баллистикалык ракеталарды украин шаар-кыштактарына абадан сокку урганга колдоно баштаганын билдирген.

Дагы караңыз

Украина: орус аскерлери кеминде 93 туткунду өлтүргөнАбакта каза тапкан Арстан Алай акыркы сапарга узады Туу чыры: Аянтка кайра парламент кабыл алган туу илинди "Кытай өз кызыкчылыгын коргойт". Мамкарыз 6 млрд доллардан ашты