"Ислам мамлекети" террордук тобу Кабулдагы жардырууну мойнуна алды

Кабулдун хазарлар жашаган Дашт-э-Барчи району.

6-январда Ооганстандын баш калаасы Кабулда эл ташыган автобус жарылганда эки киши набыт болуп, 14ү жараат алганын полиция билдирди. Кабул полициясынын басма сөз катчысы Халид Задран кандуу жарылуу баш калаанын хазарлар жашаган Дашт-э-Барчи районунда болгонун айтты.

“Эки киши набыт болуп, 14 адам жараат алды. Алар ооруканага жеткирилди. Полиция окуяны иликтөөгө киришти”, – деди Задран.

«Ислам мамлекети» террордук тобу кандуу кол салууну мойнуна алды.

Былтыр ноябрда хазарлар жашаган бул анклавда “Ислам мамлекетинин” террорчулары шийилерди бутага алган жардырууда кеминде жети кишинин каны төгүлгөн.

2021-жылы августта “Талибан” кыймылы Кабулда бийликти басып алып, өлкөнү башкарууга киришкенден кийин террордук чабуулдардын саны кескин азайган. Бирок “Ислам мамлекети” сыяктуу экстремисттик топтордун карасанатай чабуулдары басыла элек.

Дагы караңыз

Абакта каза тапкан Арстан Алай акыркы сапарга узады Туу чыры: Аянтка кайра парламент кабыл алган туу илинди "Кытай өз кызыкчылыгын коргойт". Мамкарыз 6 млрд доллардан ашты Карл Маркстын көөнө орус тарыхы тууралуу СССРде которулбай келген эмгеги