Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель кызматын мөөнөтүнөн мурун тапшырат

Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель

Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель Европарламентке шайлоого катышуу үчүн ээлеген кызматын эрте тапшырат. Анын кызматтык мөөнөтү 2024-жылдын ноябрында аяктамак. Еврокеңештин төрагасы бир эле маалда парламенттин депутаты да боло албайт.

Мишель бул кызматты 16-июлда Европарламенттин депутаты катары ант бергиче аткара берет. Европарламентке шайлоо июндун башында өтөт.

Ал басма сөз жыйынында анын ордуна ким келери июнь-июль айларында белгилүү болуп калышы ыктымал экенин да айтты. Эгер ага чейин жаңы жетекчи аныкталбаса бул милдетти Еврокеңештин төрагасы катары Венгриянын өкүлү аткарат.

Еврокеңештин төрагасы эки жарым жылга шайланып, аны дагы бир мөөнөткө узартууга жол берилет.

Мишель шайлоого Бельгиянын «Реформатордук кыймыл» деп аталган либералдык партиясы менен аттанат. Ал бул партияны 2011-2019-жылдары жетектеп турган.

48 жаштагы Шарль Мишель - Бельгиянын жараны. 2019-жылдан бери Еврокеңештин төрагасынын кызматын аркалайт. Ага чейин Бельгиянын өкмөтүн жетектеген эң жаш премьер болгон.

Былтыр 2-июнда Мишель Чолпон-Атада өткөн “Европа Биримдиги - Борбор Азия” саммитине катышып, анын бул сапары Кыргызстан менен Евробиримдиктин алакасын жаңы деңгээлге чыгарууга жол ачарын белгилеген.

Дагы караңыз

Туу чыры: Аянтка кайра парламент кабыл алган туу илинди "Кытай өз кызыкчылыгын коргойт". Мамкарыз 6 млрд доллардан ашты Абакта каза тапкан Арстан Алай акыркы сапарга узады