Ден соолукту чыңдоо фондунун акчасы Президенттин иш башкармалыгына өттү

Кесиптик кошуундар бирлигинин имараты, Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Социалдык фонд Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна чогулган каражатты Президентинин иш башкармалыгына өткөрүп берди. Мындай токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-декабрда кол койгон жана каражатты 2023-жылдын 31-декабрына чейин өткөрүп берүү милдеттендирилген.

Президент Садыр Жапаров ноябрда 2028-жылга чейин Кесиптик кошуундар федерациясына Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун эсебинен санаторийлерге жолдомо берүүгө мораторий киргизген.

Анын жарлыгында фондго түшкөн каражат мындан ары санаторийлердин курулушуна жана аларды оңдоого, алардын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалары жазылган.

Кесиптик кошуундар федерациясына 2023-жылдын аягына чейин алардын менчигинде турган санаториялык-курорттук мекемелердин баарын Президенттин иш башкармалыгына убактылуу акысыз пайдаланууга берүү сунушталган.

Садыр Жапаров анын алдында бул федерациянын ишин сынга алып, Башкы прокуратурага жана Эсеп палатасына мыйзамсыз сатылган объектилер менен жер тилкелерин ирээтке келтирүү тапшырмасын берген.

Соңку бир нече жылдан бери федерацияда ички тиреш басылбай, түрдүү нааразылык акциялары уюштурулуп келген. 2020-жылы федерация мүчөлөрү эки башка жыйын өткөрүп, эки жетекчи шайлашкан. Жалпысынан өлкөдө 26 тармактык жана облустук профсоюз бар экени айтылган.

Дагы караңыз

Эмгек министрлиги аркылуу 13 миңден көп адам чет өлкөдө жумушка орношту Арстан Алайдын абактагы акыркы мүнөттөрү деген видео жарыяланды Карл Маркстын көөнө орус тарыхы тууралуу СССРде которулбай келген эмгеги