Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:16

Эмгек министрлиги аркылуу 13 миңден көп адам чет өлкөдө жумушка орношту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аркылуу былтыр 13319 адам чет өлкөлөрдө жумушка орношту. Аталган министрликтин маалымдашынча, алардын 4,5 миңге жакынын аялдар түзөт.

“Бардык жарандар алдын ала окуудан өттү. Дагы 129 миң адам миграциялык маселелер тууралуу кеп-кеңеш алды. Бүгүнкү күндө Орусияда, Британияда, Түштүк Кореяда жана башка өлкөлөрдө жумушка расмий орношууга болот”,-деп жазылган маалыматта.

Өткөн айда Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер "Азаттыкка" курган маегинде 2023-жылы 10 миң кыргызстандык Британияда утурумдук жумуштарга барып иштеп келгенин билдирген.

Лондон Кыргызстандагы жарандарга утурумдук жумуштарга квота берүүнү 2022-жылы баштаган.

Жети миллион калкы бар Кыргызстандын 1,5 миллиондой жараны учурда чет мамлекеттерде иштеп, окуп жүрөт, алардын басымдуу бөлүгү Орусияда.

XS
SM
MD
LG