Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги былтыр өлкө боюнча майыптыгы барларды караган 13 миң 987 адамга эмгек акы берилгенин 4-январда билдирди. Маалыматка ылайык, алардын 14 миң 287и майыптыгы бар кишилерди жана балдарды карайт.
Мыйзамга ылайык, ата-энеси, мыйзамдуу өкүлү (асырап алуучулар, көзөмөлчүлөр, камкорчулар), жакын туугандары (чоң ата, чоң эне, бир тууган жана бир тууган ага-инилер, багып алуучу ата-эне) же 65 жаштан ашпаган, майыптыгы жана балдарга карата кылмыштары боюнча соттуулугу жок жана тиешелүү окуудан өткөн башка адамдар жеке көмөкчү боло алышат.
2022-жылдын 1-июнунан тартып майыптыгы бар балдар гана эмес, бала кезинен биринчи топтогу майыптыгы бар 18 жаштан өткөн жарандар да жеке көмөкчүнүн кызматын ала алышат.
Майыптыгы барларды карагандарга айына 6 миң 268 сом акы берилет.
Кыргызстанда расмий маалыматтар боюнча майыптыгы бар балдардын саны 35 миңден ашуун. Алардын 6 миңдейи такай кароого муктаж.
Дагы караңыз
ЖК эки аялдуулукка жол берген мыйзам долбоору даярдалып жатканын четке кактыКазакстанда орус телеканалдары тартпай калдыТИМ: Ирандагы жарылууда каза болгондор арасында кыргызстандыктар жок