Ирандын түштүк-чыгышындагы жарылууда каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 4-январда билдирүү таратты. Анда Ирандагы элчилик ошол жакта жүргөн кыргыз жарандары менен байланышта экени айтылган.
Иранда жүргөн жарандар жардамга муктаж болгон учурда элчиликке +982122830354 жана +989352505226 номурлары аркылуу байланышса болот.
Ушул эле күнү президент Садыр Жапаров Ирандын Керман шаарында болгон кол салууга байланыштуу ал мамлекеттин президенти Ибрахим Раисиге көңүл айтты. Жапаровдун билдирүүсүндө "Кыргызстан терроризмди жана анын жалпы тынчтыкка жана туруктуулукка коркунуч туудурган бардык түрлөрүн кескин түрдө айыптайт" деп жазылган.
3-январда өлкөнүн түштүк-чыгышында жайгашкан Керман шаарындагы көрүстөндө ирандык генерал Касем Сулейманини эскерүү иш-чарасы өтүп жаткан учурда жарылуу болуп, соңку маалымат боюнча, 103 адамдын өмүрү кыйылды, дагы 170 адам жараат алды.
IRNA мамлекеттик маалымат агенттиги бул окуяны террордук чабуул деп атап жатат. Айрым маалымат булактары Иран өкмөтү аны өзү уюштурган деген божомолун айтууда.
Ирандын "Революция сакчыларынын корпусуна" кирген тандалма Кудс бөлүгүнүн кол башчысы Сулеймани 2020-жылдын 3-январында Багдаддын жанындагы аэропортко бараткан жолдо америкалык дрондун соккусунан каза тапкан.
Беш күндөн кийин Тегеран ага жооп катары АКШнын Ирактагы күчтөрү жайгашкан эки базага сокку урган.