Украинанын бир катар аймагы чабуулга кабылды

Киев. 2023-жылдын 29-декабры.

4-январга караган түнү Орусиянын аскерлери Украинанын Донецк жана Харьков облустарынын аймагын ракета менен аткылаганын, ал эми Хмельницкий облусуна Shahed дрондору учурулганын жергиликтүү аскердик администрация башчылары маалымдашты.

Донецк облусунда Курахово шаарында бала бакчанын, мектептин жана башка бир катар социалдык объектинин имараты талкаланды. Харьков облусуна С-300 ракетасы менен эки жолу сукку урулду, жарандык объектилер жабыркады. Харьков шаарынын мэри Игорь Терехов калаанын борбору аткылоого кабылганын билдирди.

Ал эми борбор калаа Киевде Орусиянын 29-декабрдагы чабуулунда каза болгон дагы эки кишинин сөөгү табылып, ошол күндүн курмандыктары 32ге жетти. Жараат алгандары 30 киши.

29-декабрда Украина согуш башталгандан берки эң оор чабуулдардын бирине кабылды. Бул күнү Орусия коңшу өлкөнүн бир катар аймактарын түрдүү куралдарынан аткылап, жалпысынан 40тан ашуун жай тургунун өлтүрдү, 150дөй кишини жарадар кылды. Киев, Львов, Одесса, Харьков, Запорожье, Днепр шаарларына орус армиясы ракетанын ар кандай түрлөрү, дрондор менен удаа сокку урду.

30-декабрда Орусия чек арадагы Белгород шаары ракеталык чабуулга кабылганын маалымдады. 25 жай тургун каза болду, 100дөн ашуун адам жараат алды, 40тай көп кабаттуу үй, 50 чакты автомашина талкаланып, өрттөлдү. (RK)

Дагы караңыз

БУУ Ирандагы кол салууну кескин айыптаган билдирүү тараттыЖапонияда жер титирөөдөн каза болгондор 77ге жеттиЖапонияда катуу жер титирөө кайталынышы мүмкүн деген эскертүү берилдиБерик Уали Токаевдин президенттик мөөнөтү 2029-жылы аяктарын эскертти