Жапонияда жер титирөөдөн каза болгондор 77ге жетти

Жапония.

Жапонияда 1-январдагы катуу жер титирөөдөн каза болгондор кеминде 77ге жетти. Бул тууралуу 4-январда өлкөнүн премьер-министри Фумио Кисида билдирди. Уранды астында калгандарды, жабыркагандарды аман алып калуу ыктымалдыгы адатта зилзаладан кийинки алгачкы 72 саатта жогору болорун, бул мөөнөт бүгүн аяктап баратканын белгилеген өкмөт башчы куткаруучулардын саны дээрлик эки эсе көбөйтүлгөнүн айтты:

«Уранды алдында куткаруучулардын жардамына муктаж дагы көп адам бар».

Өкмөт башчы кечээ зилзала болгон аймакта иштеп жаткан куткаруучулардын саны 2 миңдей болгонун, бүгүн 4,5 миңге жеткенин, алар куткаруу иштеринен тышкары гуманитардык жардам жеткирүү менен да алек болуп жатышканын, себеби эң керектүү нерселер, анын ичинде таза суу жетишсиз болуп жатканын кошумчалады.

Дүйшөмбү күнү Жапониянын Исикава префектурасында күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жер бир нече жолу силкинип, миңдеген имарат, он миңдеген үй, унаа каражаттары, кайыктар талкаланды. (RK)

Дагы караңыз

БУУ Ирандагы кол салууну кескин айыптаган билдирүү тараттыПутиндин "жылаңач кечеси". Чечен согушу учурундагы стриптиз Украинадагы согушка катышкан Бөрүгул уулу соттолгону белгилүү болдуАба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт