Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт


Кыргызстан.
Кыргызстан.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 5-январда Жалал-Абад, Чүй, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11,

Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 7…12,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8,

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…-7,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -19…-24, күндүз -5…-10 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүз 8…10° болот.

XS
SM
MD
LG