Казакстандын президентинин басма сөз катчысы Берик Уали азыр иштеп жаткан Конституция боюнча Касым-Жомарт Токаевдин президенттик мөөнөтү 2029-жылы аяктай турганын эске салды.
Бул тууралуу ал коңшу өлкөнүн президенти 2-январда Egemen Qazaqstan басылмасына берген маегинен кийин айрым чет элдик жалпыга маалымдоо каражатттары “Касым-Жомарт Токаевдин ыйгарым укуктары 2026-жылы аяктайт” деп жазгандан кийин билдирди.
“Биздин өлкөнү жакшы билбеген айрым журналисттердин арасында түшүнбөстүк пайда болгондур. Чындыгында, мамлекет башчысы Egemen Qazaqstan гезитине берген маегинде “Конституцияны өзгөртүү жана кийинки шайлоого катышуу үчүн 2026-жылы референдум болот” деген сөздөрдү четке какты. Президент 2022-жылдын ноябрь айында жети жылдык мөөнөткө шайланган. Конституцияга ылайык, анын ыйгарым укуктары 2029-жылдын ноябрында бүтөт”, - деди ал.
Касым-Жомарт Токаев Egemen Qazaqstan басылмасына берген интервьюсунда 2026-жылы эч кандай референдум болбой турганын айтып, президент бир гана жолу шайлана алат деген мыйзам “мындан ары өзгөрбөйт” деген.
Журналист “Социалдык тармактарда президент Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнү жана 2026-жылдагы президенттик шайлоого кайра катышууну пландап жатат деген сөздөр тарап жатат. Бул чындыкпы?” деген суроо берген.
Кийинчерээк бир катар сайттар “Касым-Жомарт Токаев Конституцияны өзгөртүү жана 2026-жылдагы президенттик шайлоого кайрадан катышуу пландары тууралуу пикирлерди четке какканын” жазышкан. (BTo)
Дагы караңыз
БУУ Ирандагы кол салууну кескин айыптаган билдирүү тараттыУкраинадагы согушка катышкан Бөрүгул уулу соттолгону белгилүү болдуФутбол: Азия Кубогуна катыша турган оюнчулардын акыркы тизмеси чыктыТажикстанда оппозициялык сайтка кайрылган дыйкан беш жылга соттолдуЖалал-Абадда газдын жоктугунан жаңы автобустар каттамга чыкпай калдыМосква менен Киев жарым жылдан бери биринчи жолу туткундарды алмаштыЧүй облустук милициясы Жогорку Кеңеш кабыл алган желекти илди