БУУ Ирандагы кол салууну кескин айыптаган билдирүү таратты

Окуя болгон жер.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Иранда жүздөн ашуун адамдын өмүрүн алган кол салууну айыптаган билдирүү таратты. Уюмдун башкы катчысы Антониу Гутерриш каза болгондордун жакындарына, Ирандын элине жана өкмөтүнө көңүл айтып, уюштуруучуларды жана аткаруучуларды тез арада жоопко тартууга үндөдү.

3-январда өлкөнүн түштүк-чыгышында жайгашкан Керман шаарындагы көрүстөндө ирандык генерал Касем Сулейманини эскерүү иш-чарасы өтүп жаткан учурда жарылуу болуп, соңку маалымат боюнча, 103 адамдын өмүрү кыйылды, дагы 170 адам жараат алды.

IRNA мамлекеттик маалымат агенттиги бул окуяны террордук чабуул деп атап жатат. Айрым маалымат булактары Иран өкмөтү аны өзү уюштурган деген божомолун айтууда.

Ирандын "Революция сакчыларынын корпусуна" кирген тандалма Кудс бөлүгүнүн кол башчысы Сулеймани 2020-жылдын 3-январында Багдаддын жанындагы аэропортко бараткан жолдо америкалык дрондун соккусунан каза тапкан.

Беш күндөн кийин Тегеран ага жооп катары АКШнын Ирактагы күчтөрү жайгашкан эки базага сокку урган. (RK)

Дагы караңыз

Путиндин "жылаңач кечеси". Чечен согушу учурундагы стриптиз Украинадагы согушка катышкан Бөрүгул уулу соттолгону белгилүү болдуАба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайтФутбол: Азия Кубогуна катыша турган оюнчулардын акыркы тизмеси чыкты