Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт

Кыргызстан.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 5-январда Жалал-Абад, Чүй, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11,

Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 7…12,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8,

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…-7,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -19…-24, күндүз -5…-10 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүз 8…10° болот.

Дагы караңыз

Футбол: Азия Кубогуна катыша турган оюнчулардын акыркы тизмеси чыктыТажикстанда оппозициялык сайтка кайрылган дыйкан беш жылга соттолдуМосква менен Киев жарым жылдан бери биринчи жолу туткундарды алмаштыЖалал-Абадда газдын жоктугунан жаңы автобустар каттамга чыкпай калдыЧүй облустук милициясы Жогорку Кеңеш кабыл алган желекти илди