Футбол: Азия Кубогуна катыша турган оюнчулардын акыркы тизмеси чыкты

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы машыгуу учурунда. Дубай, БАЭ.

Кыргыз футболдук бирлиги Катарда өтө турган Азия чемпиондугуна катыша турган оюнчулардын акыркы тизмесин 4-январда жарыялады. Тизмеге төмөнкү футболчулар кирген:

  • Дарбазачылар: Эржан Токотаев, Марсел Исламкулов, Султан Чомоев, Курманбек Нурланбеков;
  • Коргоочулар: Кайрат Жыргалбек уулу, Бактыяр Дүйшөбеков, Александр Мищенко, Християн Браузман, Айзар Акматов, Тамирлан Козубаев, Бекжан Сагынбаев, Сүйүнтбек Мамыралиев, Амантур Шамурзаев;
  • Жарым коргоочулар: Одилжан Абдурахманов, Адил Кадыржанов, Азим Азаров, Мерк Кай, Атай Жумашев, Бекназ Алмазбеков, Фархат Мусабеков, Мерк Кими, Гүлжигит Алыкулов, Нурдөөлөт Сталбеков;
  • Чабуулчулар: Эрнист Батырканов, Жоэл Кожо, Дастан Токтосунов.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 19-декабрдан бери Бириккен Араб Эмираттарында Азия Кубогуна даярдык көрүүдө. Машыгуунун алкагында 25-декабрда Өзбекстандын оюнчулары менен беттеш өткөрүп, 4-1 эсебинде жеңилген. 30-декабрда Бириккен Араб Эмираттарынын футболчулары менен беттеште 1:0 эсебинде утулган. Алдыда 5-январда Дубайда Сириянын, 9-январда Катардын борбору Доха шаарында Вьетнамдын курама командасы менен оюн өткөрөт.

Азия Кубогу 12-январда Катарда башталат. Кыргызстан F тайпасында Сауд Арабиясы, Таиланд, Оман курама командалары менен беттешет.

“Акшумкарлар” 16-январда Таиланд курамасына каршы алгачкы оюнун өткөрөт. Кыргызстандын курамасы ушуну менен экинчи жолу Азия кубогуна чыгып жатат. Улуттук курама 2019-жылы алгачкы жолу Азия кубогунда ойноп, 1/8 финалга чейин жеткен. Бул кыргыз футбол тарыхындагы эң чоң ийгилик болуп калды.

Дагы караңыз

Тажикстанда оппозициялык сайтка кайрылган дыйкан беш жылга соттолдуМосква менен Киев жарым жылдан бери биринчи жолу туткундарды алмаштыЖалал-Абадда газдын жоктугунан жаңы автобустар каттамга чыкпай калдыЧүй облустук милициясы Жогорку Кеңеш кабыл алган желекти илди