Пакистанда түрмөдө отурган мурдагы премьер-министр Имран Хандын партиясы шайлоо алдында жапырт мыйзам бузуу менен коштолгон кысымга кабылып жатканан бүгүн 2-январда жергиликтүү укук коргоочулар айтып чыгышты.
Шайлоо комиссиясы оппозиционер Хандын Pakistan Tehreek-e-Insaf (PTI) партиясын бюллетендеги тизмеге кошкон, бирок анын өзүн жана көптөгөн башка тарапкерлерин киргизген эмес.
«Кабыл албай койгон көрүнүштөр системалык мүнөзгө ээ болгон сыяктанат», - деп билдирди France-Presse агенттигине Пакистандын Адам укуктары боюнча комиссиясынын (HRCP) өкүлү Фархатулла Бабар.
71 жаштагы Хан камакка былтыр августта коррупция үчүн алынган. Ал Пакистан өкмөтүн 2018-2022-жылдары башкарган. Бийликтен 2022-жылы парламент ишенбөөчүлүк көрсөтүп чыккандан кийин кеткен.
Жаңы премьер-министрди тандай турган парламенттик шайлоо Пакистанда 8-февралда өтөт.
Дагы бир мурдагы премьер-министр, 2017-жылы жемкорлукка байланыштуу айыптоолордон улам кызматтан алынган 74 жаштагы Наваз Шариф төртүнчү жолу өкмөттү башкаруу үчүн шайлоого катышмай болгонун өткөн аптада жарыялаган. (RK)
Дагы караңыз
Израил геноцид тууралуу айыптоодон БУУ сотунда коргонорун билдирдиИзраилдин Жогорку соту соттук реформа мыйзамын жокко чыгарды2023-жылы Путиндин жарлыктарынын жарымы жашыруун болдуЖапонияда учак кырсыгынан беш өмүр кыйылды