Израил геноцид тууралуу айыптоодон БУУ сотунда коргонорун билдирди

Гаага соту. Иллюстрациялык сүрөт.

Израил Газадагы геноцид тууралуу коюлуп жаткан айыптоолордон Бириккен Улуттар Уюмундагы жогорку сотто коргонот. Бул тууралуу бүгүн 2-январда Тел-Авивде өткөн пресс-конференцияда Израилдин премьер-министринин кеңсесинин өкүлү Эйлон Леви билдирди.

Ал Түштүк Африканы ХАМАС тобуна (АКШда жана Евробиримдикте террордук уюм деп таанылган) “саясий жана юридикалык калка болуп жатат” деп айтыптады:

«Израил мамлекети Гаагадагы Эл аралык сотто Түштүк Африканын абсурддук жана кандуу айыптоосун четке кагуу аракетин көрөт», — деди Леви.

Түштүк Африка мамлекети 29-декабрда БУУнун жогорку сотуна арыз менен кайрылган. Аталган өлкө Израилди Газа секторунда палестиналыктарды геноцид кылып жатат деп айыптап, анын алдына согуштук аракеттерди токтотуу талабын коюуну өтүнгөн.

Газадагы азыркы согуштун тутанышына былтыр 7-октябрда ХАМАСтын Израилдин айрым шаарларына кол салуусу себеп болгон. Израил ХАМАСтын бул кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 170тей аскери окко учканын билдирүүдө.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан жалпысынан 21 978 адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды, дагы 2,3 миллиондой адам үй-жайын таштап качууга мажбур болду. (RK)

Дагы караңыз

2023-жылы Путиндин жарлыктарынын жарымы жашыруун болдуЖапонияда учак кырсыгынан беш өмүр кыйылдыКечки Азаттык (3-чыгарылыш) Израилдин Жогорку соту соттук реформа мыйзамын жокко чыгарды