Бишкектеги "эмгек биржасында" иш менен камсыз кылуу пункту орнотулду

Иш менен камсыз кылуу пункту. Бишкек. 30-декабрь, 2023-жыл.

Борбор калаанын коомчулукка "эмгек биржасы" деп таанылган Толстой көчөсүндө жумушсуз жарандарды иш менен камсыз кылуу пункту орнотулду. Бул тууралуу шаар бийлигинин басма сөз кызматы 2-январда кабарлады.

Ага ылайык, иш менен камсыз кылуу түйүнү Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасынын негизинде орнотулду. Аталган жерде участкалык милиция кызматкерлери да иштейт.

Иш менен камсыз кылуучу түйүндү орнотуу үчүн шаар мэринин фондунан 1 млн 162 миң сом бөлүнгөн, 800 миң сом өлчөмүндө бюджеттен тышкары каражаттар тартылган.

Бишкектин Лев Толстой көчөсү коомчулукта “эмгек биржасы” деген ат менен таанымал. Бул жерге жарандар утурумдук жумуш издеп чогулат.

Улуттук статистика комитети кабарлагандай, 2023-жылы жалпы Кыргызстан боюнча 70 479 адам жумушсуз болсо, анын 43,8 пайызы аялдар. Расмий эсепте жумушсуздуктун деңгээли эмгекке жарамдуу элдин санынын 2,6 пайызын түзөт.

Кыргызстандын өкмөтү өлкөдө жумушчулар жетишпей жатканын, өзгөчө тигүү тармагына жана кара жумушка иштөөчү адамдардын жетишсиздигин белгилеп келет. Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлиги 1-июлга карата өлкөдө 12 465 жумушчу орду бош турганын билдирген.

АКШнын Эл аралык республикалык институтунун (IRI) быйылкы сурамжылоосуна катышкан адамдардын 29% өлкөдөгү башкы көйгөй деп жумушсуздукту көрсөтүшкөн. 28% баалардын кымбатташы, 14% коррупция деп жооп берген.(ZKo)

Дагы караңыз

Жапонияда жүргүнчү ташыган учак өрттөндү2023-жылы "Коопсуз шаар" долбоорунан 392,4 млн сом айыппул чогулганТИМ: Жапониядагы зилзалада кыргызстандыктар жабыркаган жокОрусия Киев жана Харьков аймактарына ракеталык сокку урдуИзраил Газанын түндүгүндө согуштук аракеттерин азайтууга өттү