Орусия Киев жана Харьков аймактарына ракеталык сокку урду

Украина.

2-январга караган түнү Орусия Украинанын аймагына топтоштурулган ракеталык чабуул жасады. Бутага Харьков жана Киев аймактары алынганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Киев шаарында бир адамдын өмүрү кыйылганы, электр энергиясы жана таза суу менен камсыздоодо көйгөй жаралганы, көп кабат үйдө өрт чыгып, ондогон киши эвакуацияланганы кабарланды.

Киев облусунда эки адам каза болду, 40ка жакын жергиликтүү тургун жараат алды.

Харьков шаарында бир адам мерт кетти, 40тай адам жараат алды, алардын айрымдарынын абалы оор.

Баштапкы маалыматка караганда, чабуул "Кинжал" ракеталары менен жасалды.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул чабуулдар тууралуу маалымат бере элек. Расмий Москва Украинанын аскердик гана инфраструктурасын бутага алып жатканын билдирип келүүдө.

29-декабрда Украина согуш башталгандан бери эң оор чабуулдардын бирине кабылган. Бул күнү Орусия анын бир катар аймагын болгон куралы менен аткылады, жалпысынан 40ка жакын жай тургунун өлтүрдү, 150дөн ашуун кишини жарадар кылды. Киев, Львов, Одесса, Харьков, Запорожье, Днепр шаарларына орус армиясы ракетанын ар кандай түрлөрү, дрондор менен сокку урган.

30-декабрда Орусия чек арадагы Белгород шаары ракеталык чабуулга кабылганын маалымдады. 25 жай тургун каза болду, 100дөн ашуун адам жараат алды, 40тай көп кабаттуу үй, 50 чакты автомашина талкаланып, өрттөлдү.

Ошол эле күнү Орусия Украинанын Харьков шаарына сокку урган, 20дай адам жараат алган. (RK)

Дагы караңыз

Израил Газанын түндүгүндө согуштук аракеттерин азайтууга өттү2023-жылы "Коопсуз шаар" долбоорунан 392,4 млн сом айыппул чогулганМаданиятка жеткен камоолор, тууга кошок жана жылаңач чындыкБУУда Газа боюнча резолюцияны кароо кайрадан башка күнгө калды