Ташиев кылмыштуулук менен коррупцияга каршы күрөш уланарын билдирди

Камчыбек Ташиев Сузакта. 2-январь, 2023-жыл.

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топторго жана коррупцияга каршы 2023-жылы башталган күрөш 2024-жылы да уланат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 2-январда Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен жолугушкан учурда айтты.

"2023-жылы биз уюшкан кылмыштуу топтордун белин сындырдык. Мындан ары мамлекетибизде эч кандай уюшкан кылмыштуу топтор, бандиттер, кайсы бир кримтөбөлдөр болбойт. Мамлекетибиз мыйзамдуу, укуктуу, эркин мамлекет болот. 2024-жылы уюшкан кылмыштуу топтордун кайсы бир мүчөлөрү калган болсо, аларды тыптыйпыл жок кылабыз".

Камчыбек Ташиев ошол эле учурда коррупцияга каршы күрөш да жемишин берип жатканын айтып, мамлекеттик мүлккө кол салууга дааган адамдар да азайып баратканын айтып өттү.

11-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы Камчы Көлбаев менен Райымбек Матраимовдун “мафиясына” байланышы бар 180ден ашуун киши мамлекеттик кызматтардан алынганын билдирген. Анын ичинен 76 адам Мамлекеттик бажы кызматынан кеткен. Алардын аты-жөнү жана буга чейин ээлеген кызматы тууралуу маалымат бериле элек.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.(ZKo)

Дагы караңыз

Украинадагы мобилизация: оор күндөгү оңой эмес чечим3-январда жаан-чачын болбойтНорвегиянын бийлиги Украинага куралды түз сатууга уруксат бердиИзраил бир нече миң аскерин Газадан чыгаратТехнология дүйнөсүндө бурулуш жасаган беш окуя