“Талибан” Ооганстандагы чабуулдар үчүн тажик жарандарын айыптады

Кабулдагы мейманканага жасалган чабуулдан кийин чыккан кара түтүн. 2022-жыл, декабрь.

Ооганстанды башкарып жаткан талибдердин өкмөтү 31-декабрда жасаган билдирүүсүндө өлкө ичиндеги кол салуулардын көбү үчүн жоопкерчиликти Тажикстандын жана Пакистандын жарандарына оодарды. Коргоо министри Мохаммад Мужахид баш калаа Кабулда өткөргөн маалымат жыйында айткан сөздөрүнө кандайдыр бир далил келтирген жок.

Исламабад менен Кабулдун ортосундагы чыңалуу Пакистан бийлигинин соңку билдирүүсүнөн кийин курчуй түштү. Расмий Исламбад Ооганстан Пакистандын аймагында террордук операцияларды ишке ашырган топторго баш паанек берип жатканын айткан.

Андан тышкары жакында эле Пакистандын бийлиги өлкөдөн 1,7 миллион “документсиз чет элдиктерди”, негизинен оогандарды чыгарып салган.

Тажикстан менен Кабулдун жаңы башкаруучуларынын дипломаттык катышы жок. Тажик президенти Эмомали Рахмон баштаган бир катар жетекчилер "Талибан" кыймылын көп жолу сындаган.

"Талибан" кыймылы 2021-жылдын августунда Кабулда бийликти басып алган. Эки жылдан бери бир да мамлекет Ооганстандын жаңы бийлигин расмий тааный элек.

Дагы караңыз

Жаңы жыл түнү "Ала-Тоо" аянтынан 50дөн ашык бала жоголуп, кайра табылды Жапонияда цунами коркунучунан улам калкты эвакуациялоо башталдыИзраил армиясынын соккуларынан Газада 35 киши набыт болду