Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:20

Израил армиясынын соккуларынан Газада 35 киши набыт болду


Рафах шаарына жасалган жөөт армиясынын соккусунун кесепети
Рафах шаарына жасалган жөөт армиясынын соккусунун кесепети

ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюму көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин саламаттык сактоо мекемеси маалымдагандай, жекшембиде жөөт армиясынын соккуларынан кеминде 35 кишинин өмүрү кыйылды.

ЦАХАЛ тараткан билдирүүгө ылайык, аскердик аракеттер анклавдагы экинчи чоң шаар деп саналган Хан-Юнисте жүргүзүлгөн. Жергиликтүү тургундар аймактын борбордук бөлүгү да бомбаланганын айтышканын AP агенттиги жазды.

Буга чейин Израилдин өкмөт башчысы эл аралык коомчулуктун ок атышууну токтотуу чакырыктарына карабай, согуш дагы “бир топ айга созуларын” айткан.

Биньямин Нетаньяху ошондой эле Газанын Египет менен чектешкен тилкесин израилдик армия өз көзөмөлүнө алууга мажбур экенин кошумчалаган.

Газаны тышкы дүйнө менен байланыштырган жападан-жалгыз маршрут Египет менен чек арадагы Рафах шаары. Ал жер азыр бул анклавдын кан төгүлүп жаткан башка бөлүктөрүнөн качып барган жай тургундарга жык толуп турат. Гуманитардык каатчылык жаралып, чатырларга батпаган качкындардын көбүнүн күнү көчөдө өтүүдө.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан жалпысынан 21 800 адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды, дагы 2,3 миллиондой адам үй-жайын таштап качууга мажбур болду.

Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинда операция башталгандан бери 170тей аскери окко учканын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG