Ташиев "өлкөдө криминалга каршы күрөш аяктап калганын" билдирди

Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда криминалга каршы күрөш аягына чыгып калганын 31-декабрда Фейсбукка жазды. Ал "мындан ары өлкөдө криминалдык топтор, "мыйзамдагы уурулар" болбойт" деп белгиледи.

"Мурдагы башчылардын аттарын атабай эле коеюн. Баары эмес, бирок көпчүлүгү криминал менен коюн-колтук алышып кеткен. Криминал менен күрөш такыр болгон эмес. Тескерисинче өздөрүнө жакпаган оппозициячы саясатчыларга криминалдарды жиберип, айрымдарын өлтүртүп, колдонуп жүрүшкөн. Бул эч кимге деле жашыруун эмес. Баарыбыз эле билебиз. Булардын баары кечээ эле көз алдыбыздан өткөн окуялар", - деп жазган Ташиев.

"Кримтөбөл" деп таанылган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

9-октябрда атайын кызмат аны менен байланышта болгон 40тан ашуун адам кылмыштуу топтун мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 млрд долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

УКМК көп өтпөй 225тен ашык мамлекеттик кызматкердин уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бардыгы аныкталганын маалымдаган.

Алардын ичинен 133 кызматкер Камчы Көлбаев менен, 92 адам Райымбек Матраимов менен жашыруун байланышта иштешкени аныкталып, алардын жетимиштен ашыгы кызматтан алынган. Атайын кызматтан маалыматына ылайык, Бажы кызматында 85 кызматкердин уюшкан кылмыштуу топко байланышы аныкталып, 50 чактысы кызматтан айдалган.

Дагы караңыз

Белгороддогу аткылоодо каза болгондор 24кө жеттиБалдар үчүн 11 китептен турган кыргызча жомоктор жыйнагы чыкты Акыйкатчынын орун басары Шухрат Айтиев каза болду Акын Сүйөркул Тургунбаевдин сөөгү "Ала-Арчага" коюлду