Белгороддогу аткылоо: 18 киши каза болду, 100ү жарадар

Белгород.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 30-декабрда аткылоого кабылган Белгород шаарында 18 адам каза тапканын, 100 киши жабыркаганын билдирди. Буга чейин 14 киши өлгөнү, анын экөө бала экени кабарланган.

Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков өлгөн 14 адамдын үчөө бала деп айтканын "Свобода" радиосу жазды.

Согуш башталгандан бери Орусиянын аймагы азыркыдай ири аткылоого кабылбаганын Би-Би-Синин орус кызматы жазды. Буга чейин сокку урулганда мынча адам каза болгон эмес.

Орусиянын Коргоо министрлиги украин аскерлери ишембиде "Белгородду тыюу салынган кассеталык дүрмөтү бар "Ольха" ракетасы жана реактивдүү жапырт ок атуучу системасы аркылуу Vampire снаряддары менен атууга аракет кылганын, бирок ал ийгиликсиз болгонун, атылган куралдын бир нечесинин сыныктары гана Белгородго түшкөнүн" билдирди.

Украин аскерлери азырынча расмий комментарий бере элек. Киев адатта орусиялык билдирүүлөргө комментарий бербейт. Украинанын "Суспильне" телеканалы ишенимдүү булактарга таянып, украин аскерлери Белгороддогу аскердик жана өнөр-жай түзүмдөрүн бутага алганын билдирди. "Украинская правда" басылмасына атайын кызматтагы булагы армия аскердик объекттерди мелжегенин, орусиялык абадан коргонуу күчтөрүнүн жөндөмсүздүгүнүн айынан сыныктар шаарга кулаганын билдирген.

Аткылоо тууралуу көз карандысыз булактардын маалыматы азырынча жок.

Телеграм-каналдардын колдонуучулары Белгородго чабуул жасалган тушта тартылган видеолорду жана сүрөттөрдү жарыялашууда. Анда жапа чеккен адамдарды, күйүп жаткан машинелерди, талкаланган үйлөрдү көрүүгө болот. Андан тышкары соода борбору да кыйраган.

Бир жарылуу болгон учур видеого түшүп калган.

Жарыяланган видеодо жарылуунун бири борбордук аянтта болгон. ӨКМдин маалыматында шаарда ондой өрт чыккан.

Шаарда аткылоодон кийин ракета коркунучу тууралуу белги берилген. Айрым жашоочулар бомбадан коргонуучу жайлар жабык болгонуна даттанышкан. Мындан улам сигнал берүү токтотулганын "Жесть Белгород" Телеграм-каналы билдирди.

Белгорддун губернатору Гладков аткылоого Валуй шаардык аймагынын Уразово кыштагы дагы кабылганын билдирди. Анын айтымында снаряд ден соолукту чыңдоочу комплекске тийип, 20 турак үйдү жана электр түйүнүн талкалаган.

Путиндин пресс-катчысы Дмитрий Песков Орусиянын президентине кырдаал тууралуу маалымат берилгенин билдирди. Андан тышкары шаарга Орусиянын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жетекчиси Михаил Мурашко менен чогуу учуп кеткени кабарланды.

Орусия Белгородду аткылоого байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүнү суранды. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Британияны "аткылоонун артында турат" деп айыптады. Ага чейин Коопсуздук кеңешинин жыйыны Украинанын жапырт аткыланышына байланыштуу өткөн.

БУУнун баш катчысынын кеңсеси ишемби күнү кечинде "жарандарга жана жарандык объектилерге кол салуу эл аралык нормаларды бузарын жана тез арада токтошу керектигин билдирди.

Украина менен чектеш Белгород облусунун бийликтери украин аскерлеринин чабуулдары тууралуу буга чейин да кабарлашкан. Жай айында чек арага жакын айылдардын жашоочулары эвакуация болгон. Анда аймактын борборуна чейин учкучсуз учактар барган.

  • 29-декабрда Украина согуш башталгандан бери эң ири чабуулга кабылган. Дээрлик бардык шаарлар ракеталар менен аткыланган. Анын айынан 40 киши каза таап, ондогону жараат алган. БУУнун Коопсуздук кеңешинде Орусиянын өкүлү Василий Небензя Украинанын Абадан коргонуу күчтөрү так иштегенде жай тургундар өлмөк эмес деп айткан.
  • Орусиянын Коргоо министрлиги 30-декабрга караган түнү Брянск, Курск жана Москва облустарында украин тарап учурган 32 дронду кармап калышканын билдирген.
  • Шаардык бийликтердин кабарлашынча, Белгород жума күнү да аткылоого кабылган. Анда 50дөй үйгө зыян келтирилген. Гладков облус аймагындагы башка калктуу конуштарда да жарадарлар бардыгын, турак жайлар бүлгүнгө учураганын билдирген.
  • Брянск облусунун губернатору Александр Богомаз ишемби күнү украин тараптын аткылоосунан улам бир бала чарчап калганын билдирген. Телеграм-каналдагы билдирүүсүндө ал Пограск районундагы Кистер жана Борщево айылдарына 10 снаряд тийгенин жазган.

Дагы караңыз

Футбол: түрк командаларынын Эр-Рияддaгы оюну болбой калдыӨлкө боюнча административдик-аймактык реформалар башталдыПрезидент Садыр Жапаров инвестиция боюнча сынга жооп бердиКыргызстан ооган элине 135 тонна гумжардам жеткирди