Украинанын президенти Владимир Зеленский Авдеевкадагы аскерлеринин позициясына барды. Бул райондо азыр тынымсыз кармаштар жүрүп жатат. Бул маалымат Политика Телеграм-каналына жарыяланды.
Украин президенти 110-механикалаштырылган бригаданын аскерлерине сыйлык тапшырды. Ал сапар учурунда аскер жетекчилиги менен "коргонууну" жана "негизги керектөөлөрдү" талкуулаганын билдирди. Зеленский Авдеевканы "фронттогу өтө татаал тилке" деп атаган.
Авдеевкага украин президентинин кеңесинин башчысы Андрей Ермак да барган. Анын айтымында, "орусиялык күчтөр шаарды тынымсыз аткылап, талкалап" жатат.
Орусия Украинага жапырт кол салгандан бери Зеленский фронтко бир канча жолу барды. Буга чейин ал Бахмутта, Изюмда жана Херсондо болгон.
- Орусиялык күчтөр украин армиясы көзөмөлдөгөн Авдеевка шаарын октябрдын башында курчоого ала баштаган. Облусту курчоо орус президенти Путиндин тапшырмасы экенин ишенимдүү булактар билдирген.
- Ноябрдын ортосунан тарта аскердик эксперттер орусиялык күчтөрдүн бул багыттагы жетишкендиктерин белгилеп, жакын арада шаар чоң жоготуулар менен алынарын айтууда. Украин тарап болсо Авдеевкада күн сайын орусиялык миң аскер жок кылынып жатканын ырастоодо. Согуш маалында бул маалыматтардын чын-төгүнүн билүү мүмкүн эмес.
- Орусиянын дагы, Украинанын дагы Коргоо министрликтери өз тарабындагы жоготуулары жөнүндө расмий маалымат бере элек.
- Буга Би-Би-Синин жана "Медиазонанын" журналисттери ыктыярчылар командасы менен бирге өлгөн жоокерлер тууралуу аймактардагы администрациялардын, туугандарынын, досторунун билдирүүлөрүн жана ачык реестрдеги маалыматтарды изилдеп, согуш башталгандан бери 80 миңдей орусиялык аскер каза тапканын билдирген.
Дагы караңыз
Орусия бир жыл ичинде 50 уюмдун ишмердигине тыюу салдыАфтандил Жоробековдун апасы бийликке кайрылдыУлуттук банк жаңы акча которуу системасын каттадыИшенбеков жана Боотаев УКМКнын тергөө абагынан чыкты