Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:49

Улуттук банк жаңы акча которуу системасын каттады


Улуттук банк.
Улуттук банк.

Кыргызстандын эл аралык акча которуулар системасынын реестринде Kanberry PTY деп аталган жаңы акча которуу системасы катталды.

Улуттук банктын билдиришинче, жаңы оператор мекеменин каттоо жол-жобосунан 25-декабрда өткөн.

Маалыматка ылайык, Kanberry PTY акча которуу системасынын баш кеңсеси Австралияда жайгашкан.

Учурда “Кыргызстандын эл аралык акча которуу системаларынын реестринде” 17 компания каттоодо турат. 2023-жылы реестрге Kanberry PTY компаниясынан тышкары дагы үч орусиялык оператор кошулган.

Улуттук банктын маалыматында, 2023-жылы Кыргызстанда эл аралык акча которуулар системалары аркылуу 165 млрд сомдон ашуун акча которулган. Бул былтыркы көрсөткүчкө караганда дээрлик 40% аз. Анын ичинен 125,5 млрд сом Кыргызстанга которулса, 39,8 млрд сом сыртка чыккан. Акча которуулар системаларынын ичинен кардарлар тарабынан эң көп колдонулганы “Золотая Корона” жана “Юнистрим” операторлору болууда. (KbA)

XS
SM
MD
LG