Орусия бир жыл ичинде 50 уюмдун ишмердигине тыюу салды

2023-жылы Орусиянын Юстиция министрлиги тыюу салынган уюмдардын реестрине 50 уюмду киргизген. Бул 2022-жылдагы көрсөткүчтөн эки эсе көп – былтыр 23 уюм өлкө аймагында ишмердик кылууга ылайыксыз деп табылган. Мындай маалыматты “Верстка” басылмасы жазды.

Тыюу салынган уюмдардын реестринде, филиалдары эсепке албаганда, жалпысынан 122 уюм бар. Анын үчтөн бири (40 уюм) саясий ишмердик жана демократиялык институттарды колдоо менен алектенет. Дагы 24 уюм маданий жана агартуу тармагында болсо, 19у диний уюм болуп саналат. “Кара тизмеге” киргизилгендердин саны боюнча төртүнчү орунда 14 уюм менен жалпыга маалымдоо каражаттары жана журналистикага байланыштуу иштеген уюмдар турат.

Муну менен катар, укук коргоо жана гуманитардык жардам менен алектенген жети, экология жаатындагы алты, согушка каршы демилгелерди көтөргөн беш, украиналыктардын кызыкчылыгын жылдырган үч, коррупцияга каршы күрөшкөн эки жана дагы эки кесиптик уюмдарга өлкө аймагында ишмердик жүргүзүүгө тыюу салынган.

Орусияда ишмердик жүргүзүүгө ылайыксыз уюмдар жөнүндө мыйзам 2015-жылы кабыл алынган. Ресстрге киргизилген уюмдарга өлкө аймагында ишмердик жүргүзүүгө тыюу салынат. Мындай уюмдардын ишмердигине катышкан же каржылаган жарандар үчүн 500 миң рубль айыппул каралган. Эгерде кайра кайталанса, төрт жылга чейин эркиндигинен ажыратылат. (KbA)

Дагы караңыз

Афтандил Жоробековдун апасы бийликке кайрылдыУлуттук банк жаңы акча которуу системасын каттадыКазакстан «Талибанды» террордук уюмдар тизмесинен чыгарат