29-декабрга караган түнү Жалал-Абаддагы Кара-Көл шаарынын борбордук аянтына коюлган жаңы жылдык балаты быйыл да күйүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы өрттүн себеби такталып жатканын кабарлады.
Кара-Көл шаарынын балатысы 2022-жылы 1-январга караган түнү толугу менен күйүп кеткен. Ушул эле жылдын 23-декабрында балатыны жергиликтүү төрт тургун өрттөп жиберген. Аларды милиция кармап, чыгымды төлөтүп, балаты кайра орнотулган.
Былтыр 30-декабрга караган түнү Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында да балатыны өрттөгөн деген шек менен 34 жаштагы аял кармалып, ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. (BTo)
Дагы караңыз
Абдылдаев Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси болду24 жылга кесилген "тулундук маньяк" Украинадагы согушта өлдүТууну, гербди ич кийим, байпакка түшүрүүгө тыюу салуу сунушталдыРахмон жүздөгөн мигранттардын сөөгү келип жатканын айттыКыргызстандын Орусиядагы элчилиги жети күн иштебейт