Орусиянын Иркутск облусундагы Тулун шаарынын 55 жаштагы тургуну Павел Шувалов 2021-жылы оор кылмышы үчүн 24 жылга кесилген. Ал Украинадагы согушта өлгөнүн "Лента.ру" күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып, билдирди.
Басылмада жазылгандай, "тулун маньягы" атка конгон адам быйыл май айында Луганск облусунда согуш талаасында өлгөн. Анын сөөгү ошол жерде кала бергенин чогуу согушкандар айтып берген.
Шувалов өлгөндөн кийин гана ал "Вагнер" менчик аскер компаниясы менен келишим түзгөнү белгилүү болгон. Ал согушта 23 күн, ал эми түрмөдө үч жылдай отурган.
Тергөөнүн маалыматтарына караганда, Шувалов 1991-жылдан 2019-жылга чейинки аралыкта кеминде 27 аялды зордуктап, экөөнү өлтүргөн. Кылмыш иштерин ал өзү жашаган 40 миңдей эли бар Тулун шаарында кылып жүргөн.
Сотто анын эки зордуктоо жана эки киши өлтүрүү фактылары гана далилденген. Далилдердин көпчүлүгү Тулундагы суу ташкында жараксыз болуп калган.
Шувалов 2019-жылы кармалган, аны кармоого Ички иштер министрлигинин жана Тергөө комитетинин атайын тобу катышкан. Бул топ 2012-жылы Ангарскиде маньяк Михаил Попковду да кармаган.
Украинадагы согуш башталгандан көп өтпөй, Орусияда киши өлтүрүүгө, зордуктоого жана башка оор кылмыштарга айыпталып кармалган адамдар эркиндикке чыга баштаган. Жабырлануучулар жана алардын жакындарынын каршылыгы натыйжа бербей келет.
2023-жылдын аягына карата түрмөдөн ары согушка кетип, кайтып келген адамдарга каршы 200гө чамалуу кылмыш иши козголгон. 83 иш уурулук, 27 иш жол эрежесин бузуу, 23 иш баңгизатка байланыштуу, 20 иш киши өлтүрүү же киши өлтүрүүгө аракеттенүү фактылары боюнча козголгон.
86 өлүмгө шек саналып Ангарскиде кармалган Михаил Попков да Украинадагы согушка катышууну каалаган, бирок ага "өмүр бою эркиндигинен ажыратылганы" жана "коомдон биротоло обочолонгону" үчүн уруксат берилген эмес.
Согушка катышканы үчүн мунапыска туш болгондордун ичинде сүйгөн кызын өлтүргөнү үчүн 17 жылга соттолгон Кемеровонун тургуну Владислав Канюс да бар. Ал "Шторм Z" түрмөсүндө жарым жыл отуруп, үйүнө кайтып келген.
Буга чейин кеминде төрт кишини өлтүргөнү үчүн айыпталып, каннибализм боюнча 22 жылга соттолгон Сахалин облусунун тургуну Денис Горин Украинадагы согушка аттанганы маалым болгон.
Дагы караңыз Орус бийлиги киши жегени үчүн соттолгон жаранды Украинадагы согушка жибергени аныкталдыДагы караңыз
Тууну, гербди ич кийим, байпакка түшүрүүгө тыюу салуу сунушталдыРахмон жүздөгөн мигранттардын сөөгү келип жатканын айттыКыргызстандын Орусиядагы элчилиги жети күн иштебейтАКШ менен Орусиянын космонавттары 2025-жылга чейин чогуу учушат