Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жети күн иштебейт

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 1-7-январь майрам күндөрү иштебейт. Бул тууралуу элчиликтин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

"Элчиликтин консулдук бөлүмүндө кыргызстандыктар чукул кырдаалдарда: +79252855047, +79251155047 телефондоруна кайрылып, укуктук- консулдук кеп-кеңештерди алса болот", - деп жазылган билдирүүдө.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин 26-декабрдагы токтомуна ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар үчүн 1-январдан 7-январга чейин эс алуу болот.
Ортодогу беш иш күнү башка дем алыш күндөрүнө алмаштырылган.(ZKo)

Дагы караңыз

"Кийиминен тааныдым". Түркияда кыргыз аялдын сөөгү токойдон табылдыCүрөттөр сүйлөйт. 2023-жылдын көз ирмемдери Орусияда “дээрлик жылаңач” кечесине барган атактуулар жапырт кечирим сурашууда28-декабрь: “Кемпирабадчылар” абакта калды, УКМК кармаган базар ээси ооруканада көз жумду