“Санариптик көчмөн” макамы эки миңге жакын чет өлкөлүккө берилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда чет өлкөлүк 1975 жаранга “санариптик көчмөн” (“Digital nomad”) макамы берилди. Бул тууралуу 28-декабрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай макамды берүү боюнча пилоттук долбоор 2022-жылдын 29-сентябрында башталган. Аны алуу үчүн Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Молдованын жана Орусиянын жарандары арыз бере алат.

“Санариптик көчмөн” макамы анимация, графикалык дизайн, мультимедиялык дизайн, программалоо, IT-продуктуларды иштеп чыгуу, робототехника жана жасалма интеллект тармактарында иш алып барган чет элдик адистерге берилет. Алар Кыргызстанда бир жыл иштөөгө уруксат алып, убактылуу жашаган жери боюнча каттоодон бошотулат, Юстиция министрлигинде жана Салык кызматында жөнөкөйлөтүлгөн тартипте мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн колдонсо болот.

Былтыр 6-апрелде президент Садыр Жапаров “санарип көчмөндөр” үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча тескемеге кол койгон. Анда IT-чөйрөсүндө иштеген заманбап, чыгармачыл жана жогорку квалификациялуу адистерди, инвесторлорду жана ишкерлерди тартуу максат кылынганы белгиленген. (BTo)

Дагы караңыз

Казакстанда кызамыктан эки наристе чарчап калдыКемпир-Абад иши: абакта жаткандардын жакындары акция өткөрүштүОрус армиясы Херсонго авиабомбалар менен чабуул койдуТүркияда кыргыз келиндин өлүмүнө шектүү киши кармалдыБыйыл тогуз айда Кыргызстанга 654 млн 621,9 миң доллар инвестиция келгенСадыр Жапаров: Бажы кызматы жыл аягына чейин 111 млрд сом чогултат