Кочкор районунун мурдагы акими, бир ай мурда камакка алынган Бишкектеги "Ак-Суу" базарынын ээси Курманбек Байтереков 67 жаш курагында ооруканада көз жумду. Анын жакындарынын "Азаттыкка" ырасташынча, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында камалып турган Байтереков бир нече күн мурун ооруканага которулуп, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.
Курманбек Байтерековдун сөөгү 29-декабрда Бишкекке коюлары кабарланды. Маалыматтарда ал кант диабетинен жабыркап жүрчү.
Байтереков 30-ноябрда Кылмыш кодексинин 159-беренеси (сойкулукка тартуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалган.
УКМК ишкердин өлүмү боюнча маалымат бере элек. (ZKo)
Дагы караңыз
УКМК Жалал-Абадда теракт жасоого шек саналып эки адам кармалганын билдирдиСигрид Кааг БУУнун Газадагы координатору болуп дайындалдыПрезидент инвесторлорду алдап кеткен фактылар бар экенин айттыFT: Евробиримдик Украинага Венгриянын макулдугусуз жардам берүү планын даярдоодо