Ташкентте аялга бензин чачып, өрт койгон киши кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда чогуу жашаган аялга бензин чачып, өрт койгон киши камакка алынып, териштирүү башталганын бүгүн 27-декабрда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун өзбек кызматы билдирди.

Окуя борбор калаа Ташкент шаарынын Яшнабад районунда болгону, «таштанды чогултуучу бекетте жашаган» 48 жаштагы аялга өрт койгон 57 жаштагы киши кармалганы, чырдын тутанышына экөөнүн ортосундагы уруш себеп болгону кабарланды.

Денесинин 18% күйгөн, башынан жараат алган аял ооруканага жаткырылды.

Яшнабад райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзө баштады.

Өзбекстанда аялдардын укугунун корголушу боюнча расмий маалымат же статистика ачык булактарда жок. Forbes Woman басылмасы өзбекстандык кыз-келиндер арасында сурамжылоо жүргүзгөндө алардын дээрлик жарымы үй-бүлөлүк зомбулукка кабыларын айтып беришкен, сурамжылоого катышкандардын 83% аялдардын кордолушу Өзбекстанда кеңири жайылган көрүнүш экенин маалымдашкан. (RK)

Дагы караңыз

Орусиянын "Новочеркасск" кемесинин 33 кызматкери дайынсыз экени кабарландыЖамгырчиевдин иши: комиссиянын жыйыны жабык өтүүдөПакистандын мурдагы өкмөт башчысы Наваз Шариф кайрадан шайлоого катышары жарыяланды2023: чек арадагы жашоо