Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:04

Пакистандын мурдагы өкмөт башчысы Наваз Шариф кайрадан шайлоого катышары жарыяланды


Наваз Шариф.
Наваз Шариф.

Пакистандын мурдагы премьер-министри Наваз Шариф төртүнчү жолу өкмөттү башкаруу үчүн шайлоого катышмай болгонун бүгүн 27-декабрда анын “Мусулмандар лигасы” партиясы жарыялады. Саясатчынын талапкерлиги боюнча партиянын ичинде мунаса бар экени маалымдалды.

Буга чейин Пакистандын өкмөтүн үч жолу башкарган, кийин коррупция үчүн соттолуп, бирок абакка отурбаш үчүн Лондондо бозгунда төрт жылдан бери жашап келген Шариф мекенине быйыл октябрь айында кайтып барган.

Апелляциялык арызы сотто канааттандырылган саясатчыга тагылган айып жокко чыгарылган. Ошондон кийин ага шайлоого талапкерлигин коюуга жол ачылган.

Жаңы премьер-министрди тандай турган парламенттик шайлоо 8-февралда өтөт.

Премьер-министрлик кызматтан 74 жаштагы Шариф 2017-жылы жемкорлукка байланыштуу айыптоолордон улам алынган. 2018-жылы ал Лондондо кымбат баалуу батирлерди коррупция жолу менен сатып алганы ачыкка чыгып, 10 жылга соттолгон, кийин үй-бүлөсү 1999-жылы бир нече заводу бар экени тууралуу маалыматты жашырып койгон үчүн дагы жети жылдык жаза мөөнөтү кошулган.

Шарифтин башкы атаандашы 71 жаштагы Имран Хан да азыр абакта отурат, бирок ал да шайлоого катышарын жарыялаган. Ал Пакистан өкмөтүн 2018-2022-жылдары башкарган. (RK)

XS
SM
MD
LG