Украинанын Аскердик аба күчтөрү Орусия оккупациялап алган Крым жарым аралындагы ири аскердик деңиз флотуна чабуул жасап, жээкте токтоп турган орусиялык десанттык кемени жок кылганын бүгүн 26-декабрда билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, таңга жуук Украинанын тактикалык авиация бөлүктөрү Кара деңиздеги Феодосия портун канаттуу ракеталар менен аткылады.
Орусиянын расмий органдары портто бир нече жарылуу болгонун ырастады. Өлкөнүн Коргоо министрлиги «Новочеркасск» десанттык кемеси жабыркаганын гана билдирди, андан башка маалымат айтылган жок.
Украинанын Аскердик аба күчтөрүнүн командачысы Николай Олещук аскерлер максатка ийгиликтүү жетишкенин белгилеп "Орусияда флот азайып баратат! Орусиянын Кара деңиз флотунун флагманы болгон «Москва» крейсеринин артынан бул жолу ири десанттык кеме "Новочеркасск“ жөнөдү. Аба күчтөрүнүн учкучтарына жана бардык тийиштүү адамдарга кылдат чеберчилик менен аткарылган иши үчүн ыраазычылыгымды билдирем", — деп жазды «Телаграмга».
Крымдын Орусия колдогон жетекчиси Сергей Аксенов «Феодосиянын аймагында душмандын чабуулу жасалды. Порттун аймагы курчоого алынды. Жарылуулар токтоду, өрт чектөөгө алынды», — деп билдирди. Анын айтымында, бир киши каза болду, эки киши жараат алды.
Орусиянын Кара деңиздеги флагманы болгон «Москва» 2022-жылы апрель айында, Кремль Украинага кол салган алгачкы айларда украин аскерлеринин чабуулунан кийин чөгүп кеткен. Бул окуя согуш башталганда Кара деңиздин жээгиндеги өз аймактарынын көбүн башкара албай калган Украинанын алгачкы ири жеңиши болгон. (RK)
Дагы караңыз
Баткенде жол кырсыгында казакстандык блогер жабыркадыЖаңы жылдык майрамдагы эс алуу бир жумага созулатЭкологиялык апаат: Каспий тартылып, балык азайдыЖалал-Абадда окуучу бычакталган окуя иликтенип жатат