25-декабрда украиндер адгачкы жолу Рождествону майрадап жатканда аскерлер иран өндүрүшүнөн чыккан ондогон «Шахид» дрондорун жана орустардын эки истребителин атып түшүргөнүн билдирди.
Жекшембиде Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн командири Николай Олещук Телеграм каналына Су-34 үлгүсүндөгү бомбалоочу истребитель Мариупол багытында атып түшүрүлгөнүн жазды. Ошол эле күнү украин аскерлери Кара деңизде Су-30 истребителин атып түшүргөнү маалым болду.
22-декабрда орустардын үч Су-34 истребители Днепр дарыясынын сол жээгинде Херсон облусунда жок кылынган.
Орусия Донецк облусунда аскерлери алдыга жылып, тынч заманда 19 миң киши жашаган Марьинка шаарын “ээлегенин” билдирди. Азыр шаар толук талкаланып, ээн калган.
Британ чалгын кызматы орус күчтөрү Марьинканы ээлеп алуу үчүн Кураховону көздөй жылып баратканын билдирди.
Киев мамлекеттик чыгымдарды жабуу үчүн Дүйнөлүк банктан 1.34 миллион доллар кошумча колдоо алганы да белгилүү болду. Финансы министрлигинин маалыматында бул акча “Украинанын коопсуздук жана коргонуу тармагы менен байланышпаган мамлекеттик бюджетинин чыгымдарын жабууга, пенсияга жана Чукул кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине төлөнөрү” айтылат.
Украинанын православ чиркөөсү быйыл Рождествону 25-декабрда христиан дүйнөсүнүн басымдуу бөлүгү менен бирге белгилөөнү чечкен. Буга чейин украиндер бул майрамды Юлиан календарына ылайык 7-январда майрамдачу.
25-декабрда Украинанын православ чиркөөсүнүн митрополити Епифаний Киевдеги Ыйык Михаил соборунда атайын жөрөлгө өткөрүп, украиндерге "жаңы жылда тынчтык жана жеңишке жетүүнү" тиледи.
Дагы караңыз
Путин согушту токтотууну ойлонуп жатабы?Украина: аягы көрүнбөгөн согуш, дүйнөнү каптаган кымбатчылыкГаза: Израилдин соккусунан 70тей киши набыт болдуМигранттар Орусиядан Батышка ооду, 500дөн ашуун кишинин сөөгү келди