Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Мигранттар Орусиядан Батышка ооду, 500дөн ашуун кишинин сөөгү келди


Орусиянын полициясы миграциялык борбордон чет элдик жаранды кармап баратат.
Орусиянын полициясы миграциялык борбордон чет элдик жаранды кармап баратат.

Орусияда соңку бир жылда мигранттарга каршы рейддер күчөп, катаалдашкан талап-эрежелер иштей баштады. Ушул себептүү Кыргызстанга депортация болгондордун саны өстү. Согушка азгырык жана катаал талаптар Орусиядагы мигранттардын көпчүлүгүн башка өлкөлөргө чыгып кетүүгө аргасыз кылды.

Расмийлер Орусияда эмгектенген кыргызстандык мигранттардын саны соңку 1-2 жылда дээрлик 200 миңге жакын же 40 пайызга кыскарганын ырастайт. Кыргызстандык мигранттардын көбү АКШга, Европа жана Азиянын өнүккөн өлкөлөрүнө барууга умтулууда. "Азаттык" 2023-жылда мигранттар кабылган сыноолорду, миграциялык ал-абалды, жагдайды, негизги көйгөйлөрдү талдады.

Согушка азгыруу, мекенге жөнөтүлгөн темир табыттар

Украинада орус армиясы былтыр (2022) жаз айларында оор жоготууларга учурагандан кийин “Вагнер” (“ЧВК Вагнер” же "Вагнердин" жеке аскердик компаниясы) – компаниясы абакта жаткандарды өз катарына кошуп, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон. Соттолгондорду "Путиндин ашпозчусу" деп таанылган олигарх Евгений Пригожин өзү баш болуп азгырып жатканы тартылган видеолор жарыяланган. Согушка Орусиянын абактарында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Кыргызстандын жарандары дагы тартылып, кан күйгөн салгылашта каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү 2023-жылдын башында алып келине баштады.

Көз жашын төгүп, көкүрөгү өрттөнүп турган Рахатай Абдибалиеванын тун уулу 29 жаштагы Аян Алишеров “Вагнердин” тузагына илинип, бөтөн жердеги кармашка аттанган. Ал түрмөдөн согушка алгачкылардан болуп тартылган. Сыздаган эне абакта отурган баласынын кандайча согушка тартылганын али күнчө билбейт. Ал баласы менен акыркы жолу сүйлөшкөнүн, анда алты айдан кийин Кыргызстанга барарын айтканын "Азаттык" менен маегинде айтып берген.

Рахатай Абдибалиева.
Рахатай Абдибалиева.

"Балам менен октябрда сүйлөшкөм. Ошол бойдон январда иште жүрсөм, орус адам чалып, "балаңыз ушундай болуп өлдү" деди. Ошондо мага түшүнүксүз болуп калды. Кандайча менин түрмөдө жаткан балам Украинада өлөт? Мага жардырууда курман болду балаңыз деди. Мен эмне кылышымды билбестен, өзүмдү жоготуп койдум. Элчиликке барып, кандай кылсам болот, кандай арыз жазсам болот десем, ал жердеги юрист биздин колубуздан эч нерсе келбейт, эч нерсе кыла албайсыз деди. Менин балам өлүп атат го, итим өлгөн жок го дедим. Кандай жардам көрсөтө аласыңар дедим. Биздин колубуздан эч нерсе келбейт деди. Көзүм караңгылашып, Москва ылай болуп, көзүмө бир башкача көрүнүп калды. Ноябрда өлсө элчилик эмнеге карабады, эмнеге издештирбеди? Акыркы ушунча баланын саны бар да. Эмнеге карабады? Мен нааразымын".

"Вагнер" аркылуу абактан согушка тартылган Аян Алишеров.
"Вагнер" аркылуу абактан согушка тартылган Аян Алишеров.

Тилекке каршы, муну менен темир табыттардын кыргыз айыл-кыштактарына келгени токтогон жок. Бир жыл ичинде ондон ашуун шордуу эне баласынын ордуна муздак табытты кучактап, сыздап калды.

Гүлнара Закирова.
Гүлнара Закирова.

"Келгенде табытта эч нерсе жок деп ойлодум эле. Талкаланып, оң жагына снаряд тийген экен, чачылып чыгып кетиптир. Колунан, бутунан бирден тырмагы жок. Эмнеге мындай десем, ДНК анализ алдык дешти. "Таштаба мени" деп бакырып ыйласам, байкуш балам өлгөнүнө 20 күн болгондо сол көзүн кадимкидей ачып жатпайбы. Колун карасам, сөөмөйү капкара болуп күйүп калыптыр. Булар дем алышсыз чуркашкан экен да... Болгондо дагы чабуулда болгон экен. Ушуларды биринчи салып берет экен да", - деди согушта каза болгон дагы бир кыргызстандык Эрлан Эрмековдун апасы Гүлнара Закирова.

Эрландын Украинадагы кан күйгөн кармашка кеткенине төрт айга чукулдаганда суук кабар келген. Темир табытка салынган сөөгү 20 күн дегенде жакындарынын колуна тийген.

Согуштан келген темир табыт.
Согуштан келген темир табыт.

"Садага болоюн бир туугандарым, мен баламдан ажыраптырмын. Украинага кеткен эле. Кандай кылам? “Забирай, твой сын погиб” дейт. Нес болуп эшикте отурам".

Зарлаган бул эненин жалгыз уулу дагы абактан согушка тартылып, көп өтпөй Кыргызстанга сөөгү келген. Энеси "табытты ачпагыла" деген жазуудан улам баласынын сөөгүн дагы көрө алган эмес.

"Ачпагыла деди, снаряд түшүп күйүп кеткен деди. Кандайча күйүп кетти десем, снаряд түшүп 600 адам күйгөн деди. Нес болуп, кан басымым көтөрүлүп кетти. Ошондон бери эле ооруйм.... Жаш баламды алып кетип жок кылып коюшту, бир эле ушул балам эле ишенгеним. Путиндин эле (Орусиянын президенти Владмир Путин – ред.) буйругу болуп, Путин эле жок кылды деп ойлойм мен. Путин мени атса атып кетсин. Башка менин айта турган деле сөзүм жок. Мага өтө күйүмдүү бала эле. Түрмөдөн алдап алып кетишип, баламды жок кылды".

Бул үч эненин балдары согушка Орусиядагы абактардан "Вагнер" жеке аскердик компания аркылуу кеткен.


Орусиядагы мигранттар менен тыгыз иштешкен юрист Мирлан Токтобеков орус түрмөлөрүндө согушка мажбурлоо кандай жүрүп жатканын баяндады.

"Жаза өтөө жайларында “Вагнердин” ээси өзү барып, адамдарга убада берип, ишендирип алып кете баштады. Кампания катуу иштей баштаганда, коркутууга, мажбурлоого өтүштү. Башында өз эрки менен узак мөөнөткө камалгандар, оор кылмыш кылгандар кетсе, кийин мөөнөтү бүтөйүн деп калган, аскердик тажрыйбасы жок балдарды дагы мажбурлай баштады. Бул жерде бир эле кыргыз жарандары деп эле айтпайм, борбор азиялыктар ушундайга туш болду. Көп өтпөй эле компенсация, сөөктү мекенине жеткирүү боюнча көп маселелер пайда болду", - дейт юрист.

Мындан кийин деле кан кармашкан согушта окко учуп, каза болгондордун сөөгү Кыргызстанга жеткирилген учурлар болду. Мындан сырткары "Азаттык" кыргызстандыктардын сөөгү мекенине жетпей, орус талааларында көмүлүп калган кеминде эки учурду тактаган.

Согушка кетип, дайыны чыкпаган мигранттарды издөөгө юристтер дагы көмөктөшүүдө. Алардын сөзүнө караганда, балдарын, күйөөлөрүн издеп, абактан таба албай калгандар дале арбын. Алар орус-украин согушуна эки тараптан тартылган кыргызстандыктардын саны 200гө жакын, каза болгондордун саны 50-60 деп эсептешет. Арасында орус паспортун алгандар дагы бар.

Согушка ар кандай жолдор менен тартылган, азгырылган учурлар Жогорку Кеңеште дагы бир нече жолу көтөрүлгөн.

Эл өкүлү Айбек Маткеримов Орусиядан өз каалоосу менен согушка кетип, жараат алып мекенине кайта албай жаткан кыргызстандыктар бар экенин айтып чыккан:

Айбек Маткеримов
Айбек Маткеримов

“Биздин жарандардын арасында өз каалоосу менен Украинадагы согушка барып, ал жактан жараат алып, Орусияда жүргөндөр бар экен. Алар биздин өлкөгө келгенден коркуп жатышат. Кыргызстанга келсе, алардын тагдыры кандай болот?”.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Абдыкадыр Разаев ар бир фактыга өзүнчө укуктук баа берилерин билдирген. Башкы прокурор Курманкул Зулушев кыргыз жарандарына башка өлкөдө согуштук аракеттерге катышууга тыюу салынганын белгилеп, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын айткан:

"Эгер биздин жаран барып, башка өлкө менен согушуп келе турган болсо, сөзсүз түрдө кылмыш иши козголот. Бул боюнча атайын берене бар. Биздин жарандардын башка өлкөдө согушка катышуусуна тыюу салынган".

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 7-декабрдагы маалымат жыйынында 2022-жылы Орусиянын абактарында жаткандарды Украинадагы согушка тарткан учурлар болгонун ырастады.

Ал "Азаттыктын" кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып, министрликтин кызматкерлери Орусиядагы миңден ашуун түрмөлөрдү кыдырып, ал жакта кармалып турган мигранттар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн айтты.

Жээнбек Кулубаев
Жээнбек Кулубаев

"2022-жылдын башында ошондой маалыматтар болгон. Биз Орусиянын бийлигине түз кайрылып, "биздин жарандарга чакыруу кылбагыла" деп айтканбыз. Биздин консулдар миңден ашуун түрмөнү кыдырып, маалымат алды. Ал жакта кармалып тургандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ким согушка барса, Кыргызстанда кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти. Украинадагы согушка Кыргызстандын канча жараны кеткени боюнча так маалымат жок. Биз деле факты болгондо гана билип жатабыз. Анткени алар жашыруун кол коюп, жашыруун кетип жатышат", - деди Кулубаев.

Анткен менен борбор азиялык мигранттарды ар кандай жол менен согушка азгырган учурлар дале болуп жатканы айтылууда. Евгений Пригожиндин өлүмүнөн кийин Коргоо министрлиги, кийин "Редут" деп аталган жеке менчик компания мигранттарды, абактагыларды тартып жатканы кабарланууда. Орус паспорту, жакшы акча бериле турганы жазылган баракчалар ар бир үйлөргө чейин таратылган учурлар бар экенин "Азаттык" менен сүйлөшкөн мигранттар айтып беришкен. Согушка чакыруу мигрант кыз-келиндерге келген учурлар да кездешкен.

Мигрантты жүдөткөн рейддер жана депортация

2023-жылы Орусияда мигранттарга, анын ичинен борбор азиялыктарга каршы рейддер күчөдү. Москва шаары жана Москва облусунда, Екатеринбург, Санкт-Петербург жана башка шаарларда мигранттар басымдуу кылган мекемелер, базар, фабрикалар текшерилди. Кыргызстандык таксисттерди полиция кармап, полиция тинтип жатканы тартылган видео тасмалар Интернетке тарады.

Ошол күнү кармалгандардын бири, Орусияда көп жылдан бери такси айдаган кыргызстандык Бекболот ошондогу текшерүү тууралуу "Азаттыкка" айтып берген.

"Жол эрежесин бузбасаң, полиция кармабайт деле. Соңку убакта мигранттар көп чогулган жатаканаларга, чайканаларга полиция кирип жатат. Чайканада таксисттер тамактанып эле кетпестен, кээ бири уктап, намаз окуп, эс алат. Эс алганча кардар күткөндөрү бар. Мурдагы күнү (26-июлда) дагы ошондой жерден кармап, документ текшеришти. Ал жерде мен дагы бар элем. Документтерим жайында болгону үчүн коё беришти. Документинде маселеси барларды участокко алып кетишет. Алар кармаганда "сен өзбексиң, тажиксиң же кыргызсың" деп бөлбөйт, баарына бирдей мамиле. "Все на пол!" дейт. Документиң жайында болбосо, кеттиң участокко. Ал жакта айып пул салышат, башка мыйзам бузууларың болсо, сотко, соттон арты депортация болуп кетесиң да", - деген Бекболот.

Бул айрым депутаттардын көңүлүн бурган. Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев мигранттар мыйзамдуу каттоого туруудан кыйналып жатканын, элчиликке нааразылык күчөп кеткенин белгилеген.

Мигранттарды кармоо учуру. Екатеринбург шаары, июль, 2023-жыл
Мигранттарды кармоо учуру. Екатеринбург шаары, июль, 2023-жыл

Москвадагы элчилик ушул күндөрү "Нелегал" деген аталышта рейддер өткөнүн, 130 кыргызстандык мекенине депортация болгонун билдирген. Муну менен мигранттарга карата рейддер токтогон жок. Сентябрда Орусияда мигранттарга каршы рейддер күчөп, полиция дем алышта аларды мечиттин, тигүү цехтеринин ичинен кармап кетип жаткан видеолор социалдык тармактарда тарады. Аймактарда миңдеген чет элдиктер текшерилгени, алардын көбү миграция мыйзамын бузганы айтылды. Орус жарандыгы бар айрым адамдарга армияга чакыруу кагазы тапшырылганы да белгилүү болгон.

Москвада айдоочу болуп иштеген Турат Бектенов дагы рейд учурунда кармалып, Кыргызстанга депортацияланып келген.

"Үч сутка милиция бөлүмүнө камады, анан сотко алып барып, айып пул жазып берди. Беш миң рубль айып пул төлөдүм дагы, 10 күнгө жеткирбей чыгып кеттим. Сот болгондо акчаң, кеткенге мүмкүнчүлүгүң барбы деп сурайт экен. Эгер жок десең, мурдагы мыйзам бузууларыңды дагы карап, "Сахарового" алып барат. Ал жакта калган тааныштар менен сүйлөшүп турам. Азыр деле ошентип эле кармап, борборго алып барып жатыптыр. Полиция бөлүмүндө оор кылмыш кылган кылмышкердей эле кармайт экен. Кармаганда дагы кишендеп, адам өлтүргөндөй эле мамиле кылат экен. Мен кылмышкерминби, банкты тонодумбу десем дагы болбойт. Биз эмес, жапжаш кыздарды, эжелерди ошентип кармаганын айтсаңыз. Камалгандан кийин ачка отурасың, эч ким менен жолуктурбайт, сүйлөштүрбөйт. Эми кетсем келбейм деп жаттым эле. Азыр Кыргызстанда эле иштеп жатам", - деди ал.


Талдоочулар рейддердин башкы максаттарынын бири - мигранттарды депортация менен коркутуп, Украинадагы согушка жөнөтүү экенин айтып чыгышкан.

Орус бийлиги Украинага согуш баштагандан бери бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизди. 2023-жылдын жазында Орусиянын Мамлекеттик Думасы дароо эле экинчи жана үчүнчү окууда "Орусия Федерациясынын жарандыгы жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алды. Анда улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген аракеттер, анын ичинен аскердик фейк жана дискредитация үчүн жарандыктан ажыратуунун жол-жобосу каралган. Апрелде Орусиянын президенти 14-апрелде аскерге электрондук жол менен чакырган мыйзамга кол койду. Адистер буга чейин жаңы эрежелер орус жарандыгын алган мигранттарга да түздөн-түз таасир этерин эскерткен.

Мартта Орусиянын Ички иштер министрлиги орус тилин жакшы билбегендерге айып пул салууну сунуштаган. Мындай системаны "тилдик рейтинг" деп атап, мигранттардын "орус тилин үйрөнүүсүнө шык берет" деп аташкан. Кыргызстандан барган миллиондон ашык мигранттын көбүнүн жогорку билими жок экенин, бул талапты алардын үстүнөн акча табуу амалы катары баалагандар да болууда. Сентябрда Орусияда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө тыюу сала турган мыйзам долбоору сунушталды. Кыргыз таксисттери мыйзам кабыл алынып калса, жумушсуз калабыз деп кабатырлануусун жараткан. Долбоордун түшүндүрмөсүндө жүргүнчү ташып иштөөгө бир гана Орусиянын күбөлүгү барларга уруксат берилери айтылган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнөн "Азаттыкка" билдиришкендей, быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында Орусиядан 1900 кыргызстандык депортация болду.

Москвадагы өкүлчүлүктүн жетекчиси Кубандык Акматбеков соңку бир жыл ичинде 2200 кыргызстандык чыгарылганын билдирди. Алар Орусиянын миграция мыйзамдарын бузгандыгы тууралуу сот чечимдеринин негизинде депортацияланган.

Кубандык Акматбеков.
Кубандык Акматбеков.

"Нелегал" операциясы ЖККУнун алкагында болуп турат. Андай рейддер Кыргызстанда дагы өткөрүлүп турат. Акыркысы август айында болду. Анын алкагында бир аптадай катуу текшеришет. Калгандары күнүмдүк текшерүүлөр. Эгер документтери жайында болсо, эч кимге тийишпейт. Азыр чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу жайда кишилердин саны кескин өсүп кетти деген маселе жок. Мурда ал жакка түшкөн жарандардын саны 200дөн ашып кеткен болчу. Азыр орто эсеп менен 100гө чейин адам кармалып турат. Алар соттун чечими менен Кыргызстанга жөнөтүлөт", - дейт Акматбеков.

Мигранттар арасындагы кылмыштуулук

Ал арада Орусияда курьер кызматында иштеп жүрүп баңгизат ташуу менен соттолгон кыргызстандыктар көп болуп жатканына байланыштуу маселе кыргыз парламентинде жана Москвада диаспоралардын жолугушуусунда дагы көтөрүлдү.

Кыргызстандын 1418 жараны чет мамлекеттерде сот жообуна тартылып, жазасын өтөөдө. Алардын ичинен 1167 адам Орусияда, 83 киши Казакстанда, Иракта 41, Түркияда 30, Өзбекстанда 22 киши абакта жатат.

Калгандары Кытайда, Бириккен Араб Эмиратында, Беларуста, Литвада, Италияда, Германияда жана Грузияда кармалууда.


Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева 6-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Ал Кыргызстанга которулуп жазасын мекениндеги түрмөлөрдө өтөөнү каалагандар өзү же алардын жакындары Башкы прокуратурага арыз жазышы керек экенин айтты.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин айтымында, жыл башынан бери 100дөй кыргызстандын орус абактарынан Кыргызстанга которулду.

Согуш жана кризис маалында Орусиядан Батышка оогон кыргыз мигранттары

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, жыл башынан бери Орусияда эмгектенген кыргызстандык мигранттардын саны дээрлик 200 миңге жакын кыскарды. Ал эми миграциялык каттоого тургандардын саны 60% азайган. Учурда бул өлкөдө иштеп, жашап жаткан кыргызстандыктардын саны 400 миңдин тегерегинде экенин, жалпы 800 миңдей жаран миграцияда жүргөнүн билдирүүдө.

Тескерисинче, Түркия, Германия, Казакстанда окуп, иштеген кыргызстандыктардын саны өскөн.

Коронавирус пандемиясы, Орусиянын Украинага кол салышы, бул окуялардын экономикалык кесепеттери миграциянын багыттарын өзгөртүүдө. Кыргызстандык мигранттардын көбү АКШ, Европа жана Азия өлкөлөрүнө барууга умтулууда. Бул тууралуу Кыргызстандын башкы консулу Алмаз Букалаев "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып билдирди:

"Орусиянын аймагында 400 миңден ашуун жарандар бар. Азыркы учурда 47 миңдей кыргызстандык "кара тизмеде". Былтыр 42 миң жаран "кара тизмеден" чыгарылган. Сыртта жүргөн мигранттардын так санын аныктоо өто оор. Биз млн тегерегинде эксперттик баа менен айтып келебиз. Консулдук каттоого көптөрү турбайт. Болжол менен 800 миң Кыргызтандын жараны деп айтып жатабыз. Азыр Орусиядан кеткендер Түркияга, АКШга, Европага баргандар, окуганы кеткендер Араб өлкөлөрүнө кеткендер көп".

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл сегиз айда 11 миңден ашуун кыргызстандык чет өлкөлөрдө ишке орноштурулду. Кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү Англия, Түштүк Корея, Венгрия, Түркия жана Германияга жөнөтүлгөн.

Расмий маалыматка караганда, чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктардын саны 800 миңдин тегерегинде. Бейрасмий 1 млн ашат. Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 30 жылдын ичинде 650 миңден ашык кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алганын Жогорку Кеңештин жыйынында айткан.

Германияга 17 жыл мурда барган Руфат Султан учурда бул өлкө кайсыл кесиптерге суроо-талап жогору болуп жатканын айтып берди:

Руфат Султан, Германия
Руфат Султан, Германия

"Азыр Германия абдан көп жумушчуларга муктаж. Медайымдан баштап электрик, сантехник, почточу, айдоочу сыяктуу орто кесиптер боюнча жумушчулар керек. Кыргызстандыктар үчүн эң чоң көйгөй эле - тил. Көп фирмалар менен келишим түзүп, Польша, Чехия, Словакияга келгендер бар. Бирок ойдогудай иш табылбай калган учурлар болууда. Бизге эки бала келди, бирөө менин классташым, экинчиси тууганым. Алар дагы 2-3 миң еврого чейин фирмага берип, бул жакка келген. Бир-эки ай иштегенден кийин жумуш оор, айлык ойдогудай болбой, кетип калган. Алар тилди билбей эле келишимге кол коюп коюшкан. Ошондой учурлар абдан көп кезигет. Чакан фирмалардан баштап чоңуна чейин жумушчулардын таңкыстыгы бар. Көчөгө чыгып сый акы берилет, төрт күн эле иштейсиңер деп саатын кыскартып жумушчу тапканга аракеттенет, ошондо дагы табышпайт. Германия - бюрократиялык мамлекет. Ошондуктан алар Латвия, Литва, Польшага майда фирмаларды ачып, Борбор Азиядан жумушчуларды алат. Бирок алар Германияда иштей берет. Эгер жаран В1 деңгээлинде немис тилин билсе, жумуш табуу оңой болот. Бала бакчаларга, чатыр жасаганга, ооруканаларга, логистикага көп киши жетишпейт".

Борбор Азиядагы, анын ичинен Кыргызстандагы экономикалык кыйын кырдаал миңдеген мигранттардын АКШга Мексика аркылуу кооптуу жол менен кетүүсүнө түрткү болууда.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун өзбек кызматынын кабарчылары кооптуу жолду тандап, өмүрүн тобокелге салган мекендештердин тагдырын чагылдырган даректүү тасма тарткан. Анда бир нече өлкөнүн чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, маңзат жана адам аткезчилиги менен алектенген кылмыштуу топтордун колуна түшүп, узак жолдун тоодой тобокелдиги менен азап-тозогун тартып, алтургай жакындарынан айрылган окуялар баяндалат.

Мыйзамдуу да, мыйзамсыз да жолдор менен Кошмо Штаттарга жеткен кыргызстандыктардын саны өсүүдө.

Чикагодогу "Кыргыз биримдиги" клубунун башчысы Умар Жусупбековдун белгилешинче, АКШдагы кыргызстандыктардын саны акыркы эки жылда көбөйдү. Расмий маалыматка ылайык, Америкада жүргөн кыргызстандыктардын саны 60 миңден ашуун, бейрасмий - 100 миңден көп.

Умар Жусупбеков, АКШ
Умар Жусупбеков, АКШ

"Өзгөчө Орусияда иштеген мекендештер келди. Кыргызстандын өзүнөн деле көп келип жатат. Соңку эки жылда келгендердин болжол менен 60% Орусиядан келген бир туугандарыбыз. Анын себеби - орус-украин согушу, согушка баргысы келбей АКШга келишти. Булардын 70-80 пайызын орус паспортун алгандар түзөт. Бул жактагы мекендештердин социалдык тармактар аркылуу тартып көрсөткөндөрү, иштер жөнүндө айтып бергендери да кыргызстандыктарга түрткү болуп жатат. Айылдан түз эле Америкага келип калган жаштар көп. Америкада дүйнөнүн бардык бурчундагы элдер үчүн жашоого, эмгектенүүгө, окууга, белгилүү максаттарга жетүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр бар да. Ошону ойлоп үй-бүлөсү менен келгендер көп. Статистикалык маалыматтарга таянып, акыркы беш жылда Америкага 5 млн ашуун мигрант кирген деп айтып жатышат. Бул өтө чоң сан. Эмгек акы азыр аябай эле төмөндөдү, айлыктын суммасы ошол эле, бирок баалар өскөн. Дүйнөлүк кризис АКШда дагы катуу болуп жатат. Азыр келип жумуш издеп жүргөндөр да бар. Иш мурдагыдай эмес. Бул жагынан кыйналып жаткандар дагы бар. Биздин божомол боюнча, эки жылда 70-80 миңден ашуун мекендеш келди. Айрымдар 100 миң дешет. Так санын эч ким билбейт, анткени Америка чоң. Биз ар кайсы шаарлардагы диаспоралардан тактайбыз", - деди Жусупбеков.

Чет өлкөдөн алып келинген жүк-200, бошогон жумуш орундары

2023-жылдын башынан бери чет өлкөлөрдөн мекенине 530 кыргызстандыктын сөөгү алып келинди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна кабарлады. Басымдуу бөлүгү Орусиядан алып келинсе, калгандары Корея, Түркия, Казакстандан келгендер. Бул үчүн мамлекеттен 57 млн 610 мин сом бөлүнгөн.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, 2022-жылы бир жыл ичинде чет мамлекеттерден 350 кыргызстандыктын сөөгү мекенине келген. Алардын 200дөн ашууну Орусияда каза болгон.

2021-жылы Кыргызстанга четтен 540 адамдын сөөгү “Жүк-200” болуп алып келинген.

"Орусиядагы шарттарды катталдатканын түшүнбөйм. Рейддер көп жүрүп, көп мигранттар депортация болду. Анын айынан Орусиянын өзүндө жумуш орундары бош калды, кар калың жаап, күрөгөнгө киши жок. Түнү кар күрөгөнгө киши керек, 3-4 саатка 5 миң рубль беребиз деп жатышат. Ошого дагы киши жок. Мындан бир канча жыл мурда биз саясий куралбыз, бир нерсе болсо эле депортация деп коркутуп, мамлекеттин башын ийдирет, ошондуктан башка мамлекеттерге, Корея, Европага кетиш керек дегем. Ошол убакыт эми келди окшойт. Көптөгөн орус жарандыгын алган мигранттар Мексика аркылуу Америкага кетип калышты. Венесуэла, Никарагуа деген жактардан кетип, кыйынчылыкка туш болгондор дагы болду", - деди Орусияда жашаган ишкер Толкунбек Акматов.


Акматов кыргыз бийлиги мигранттарга жакшы көңүл бурбай жатат деген пикирин ортого салды:

"Менимче, мамлекеттен мигранттарга жакшы көңүл бурулбай жатат. Эшектин мээнети адал, эти арам дегендей эле болуп жатат. Түшүнгөнгө Кыргызстанда айланган акча мигранттардан барып жатат да. Мисалы, бирөө там эле салса, анын шыйпырын алганга, цементке, жыгач-ташына деп акча берет, усталарга акча берет, алар тамак-аш алат. Көп тармакты багып жаткан мигранттар болууда".

Улуттук банктын билдиришинче, быйыл тогуз айда мигранттар 1,437 млрд доллар которгон.

Статистикалык маалыматтарга карасак, Орусиядан жөнөтүлгөн жеке которуулардын суммасы 2022-жылдын октябрынан бери тынымсыз азайып келет. Которулган акчанын басымдуу бөлүгү Орусияга туура келет (159,8 млн доллар). Экинчи орунда алыскы чет өлкөлөр турат. Улуттук банктын маалыматында башка өлкөлөрдөн 14,2 млн, анын ичинен АКШдан, Түркиядан, Германиядан каражат которулганы жазылган.

Жыл соңунда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мурда Кыргызстандын жараны болгон 38 чет өлкөлүк "Мекен карт" макамын алганын жарыялады.

XS
SM
MD
LG