Алматы калаасында турак-жай комплексинде жылуулук жоктугунан көчөнү бөгөп салган тургундарды жоопко тартылды.
Алматынын административдик полициясынын өкүлү Кайсар Султанбаев төрт жаранга «полициянын буйругуна баш ийбегени үчүн» административдик протокол түзүлгөнүн, дагы тогуз киши жолдогу транспорттун жүрүшүнө тоскоолдук жаратканы үчүн жоопко тартылганын билдирди.
23-декабрда Алматынын River Park турак-жай комплексинин тургундары батирлерде жылуулук жоктугунан улам шаардагы Макатаев көчөсүн бөгөшкөн.
Тургундар курулушту жүргүзгөн компания турак жай комплексиндеги эки блок үчүн гана жылуулук пунктун койгонун, бирок ага үчүнчү жана төртүнчү блокту да кошуп салганын, андыктан батирлерге жылуулук жетпей калганын айтышкан.
Кыш түшкөнү Казакстандын бир катар региондорунда тургундар жылуулук жетпей жатканына даттанып, нааразылыкка чыгышты. Айрым шаарларда жылуулук борборлору иштен чыгып, инфраструктуранын эскилиги жеткени маалым болду.
Дагы караңыз
"Байлар байлардай төлөсүн". Өкмөт электр тарифин өзгөртөбү?Мигранттар Орусиядан Батышка ооду, 500дөн ашуун кишинин сөөгү келди "Айыккыс илдетке чалдыккандар абакта кармалууда". Мунапыс менен ким бошотулган? "Согушка баргым келбейт". Орусиядагы кысымдан качкан мигранттар