Украинада абадан жапырт эскертүү жаңырды

Херсон облусундагы кыйраган үй

25-декабрда Украинанын Куралдуу күчтөрү өлкө боюнча абадан эскертүү жарыялады. «Украинанын бардык аймагына ракетадан коркунуч жаралууда. [Орусиянын Нижегород облусунда] Саваслейка аэродромунан МиГ-31К көтөрүлдү» - деп айтылат билдирүүдө.

МиГ-31К – орустардын үндөн ылдам учкан «Кинжал» ракетасын ташып жүрөт.

Мурдарак Украинанын Аба күчтөрү 25-декабрга караган түнү орус армиясы Украинага «Шахед» жанкечти дрондору жана эки авиациялык ракетасы менен чабуул койгонун билдирген.

Мекеменин билдирүүсүндө Украинанын абадан коргонуу күчтөрү Одесса, Херсон, Николаев, Донецк, Кировоград жана Хмельницкий райондорунда 28 дронду атып түшүргөнү айтылат.

Негиздүү далилдерге карабай, Москва согуш башталгандан бери Украинанын карапайым калкы бутага алынып жатканын четке кагып жүрөт.

Дагы караңыз

Путин согушту токтотууну ойлонуп жатабы?Мигранттар Орусиядан Батышка ооду, 500дөн ашуун кишинин сөөгү келди "Согушка баргым келбейт". Орусиядагы кысымдан качкан мигранттар