Арменияда орусиялык Sputnik телеканалынын программаларын алып көрсөтүүчү "Тоспа" радиостанциясынын лицензиясы бир айлык мөөнөткө токтотулду. Буга өткөн айда армян тектүү орусиялык кремлчил үгүтчү Тигран Кеосаяндын Армения тууралуу “шылдыңдаган жана мазактаган” комментарийлери негиз болгонун 21-декабрда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун армян кызматы кабарлады.
Лицензияны чектөө тууралуу чечим чыгарган комиссия “Тоспаны” Арменияда “реалдуулуктан алыс” жана “дүрбөлөң салуучу” деп бааланган мындай комментарий үчүн 500 000 драм (1200 доллар) айып пул төлөөгө милдеттендирди.
Кеосаян — Кремлдин дагы бир белгилүү активдүү үгүтчүсү Маргарита Симоньяндын күйөөсү. Алар экөө тең Орусиянын Украинага кол салганын ачык колдоп, шыкактап келатканы үчүн Батыштын санкцияларына алынган. (RK)
Дагы караңыз
Кытайга каттаган айдоочулар кайра акцияга чыкты ХАМАС Израилдин сунушунан баш тартып койгону белгилүү болдуПрагада университеттеги куралдуу кол салуудан ондон ашык киши каза болду Байсалов олимпиада оюндарында спортчулар жаңы желек көтөрүп чыгарын айтты